Эртең «Бишкек паркта» иттердин мода көргөзмөсү өтөт

21 декабря 2017 15:56 645 Barometr
Поделиться в:
ok

22-декабрда, Бишкектеги Bishkek Park соода борборунда Dog’s Fashion Show аттуу иттердин мода көргөзмөсү өтөт. Анда иттер жаңы жылдык костюмдар менен чыгат. Бул тууралуу уюштуруучулар билдиришти.

Иш-чарага түрдүү породадагы (лабрадорлар, ретриверлер, мопстар, хаскалар жана башка) иттер катышат. «Төрт тамандуу моделдерди подиумда алардын ээлери коштоп чыгат. Катышкан «моделдердин» ичинен үчөөсү гана «Мыкты модалуу ит» деген наамды алат. Иш-чарага келген коноктор иттердин бий номерине күбө боло алышат, ошондой эле, оюндарга жана белектерди ойнотууларга катышат. Ошондой эле баардык каалоочулар айбандар багылып-өстүрүлүүчү жайлардын өкүлдөрү менен баарлашып, иттерди багуунун өзгөчөлүктөрү тууралуу консультация алышса болот.

Ссылка: https://barometr.kg/content10052



Добавить комментарий