Жубайына тирек боло турган аял кандай сапаттарга ээ болот?

19 января 2022 14:21 8147 Barometr
Поделиться в:
ok

Акылдуу, айланасына, жубайына, балдарына тирек боло турган куттуу коломтонун ээси боло турган аялдарда кандай сапаттар болот?Бул тууралуу barometr.kg өз талдоосун жүргүзүп көрдү.

 Ал токтоо жана сабырдуу  

Өзүнүн эмоциясын кармана билүү чыныгы акылман аялдын негизги эрежеси. Ал дайыма ички жан дүйнөсү тынч болуусуна умтулат. Ал эч качан бир ишти шашып-бушуп жасабайт жана бир мүнөттүк маанайдан улам чечимин оңго- солго өзгөртпөйт. Мындай аялдарга үйлөнгөн эркектер мыкты карьера куруп, кереги жок чатактан алыс болуп, күчүн пайдасыз уруш-талашка коротпойт. Балдары үчүн токтоо эне, чоң-кадыр баркка ээ жана аларды ызгырытылтып жазалабай балдар мээримге бөлөнүп чоңоюшат.Тынчы кетип жаткан адамдар мындай аялдын жанында жан дүйнөсү тынчтанып калат.

Ал айлана-чөйрөсүнүн кемчиликтерин кабыл алганды билет

Акылдуу аял айлана-чөйрөсүн өзгөртүүгө умтулбайт, ал телефонуңузду аңдып бирөөнүн аракетин жашыруун көзөмөлгө албайт.Адамдар кандай болсо ошондой кабыл алып өзү күтпөгөн жагдайлар чыгып калса кайгырбай алдыга кете берет.

Ал текебер эмес, бирок өз баркын билет

Мындай аял өзү тууралуу жарыя кылып мактанбаса деле өз баркын жана ордун так билет. Айланасындагылар анын мындай экенин интуициялары менен туят жана эч нерсе кыла алышпайт. Акылдуу аял өзүнүн алсыз жана күчтүү жактарын жакшы билет.Башкаларга текебердик кылбай туруп эле калың элден бөлүнүп көрүнө билген сапаттары бар. Мындай аялды айлана-чөйрөсүндөгүлөр таарынтып эмес, урматоого гана умтулушат.

Ал болбой калган ишке кайгырып отурбай муну тажырыйба деп билет

Акылдуу аял жолу болбой калса кайгырбайт, алдыга умтулуп жаңы багыттарга кете берет.Кетирген каталар анын келечектеги жеңишине алып бара турган жолдор экенин даана түшүнөт.

Дайыма билим алууга умтулат

Мындай аял дайыма билим алууга жан дүйнөсүн байытууга умтулат.Тамак-ичип жеп, уктап, ырдап, көңүл ачып жүргөн аялдан айырмаланып акылман аял бул дүйнөнүн, адамдардын сырларын таанууга, жан дүйнөсүнүн руханий байлыгын кеңейтүүгө дайыма аракет кылат.

Ал чатак чыгарбайт, тескерсинче аны чечет

Ар бир эле адам мамилелеринде чыр-чатактар болот. Мындай учурда акылман аял - көптү көргөн, көптү билген курбу жардамга келсе кандай жакшы. Акылдуу аял өзүнүн каршылаштарына да урматтоо менен мамиле кылат, чатакташкан тараптарды угуп аларды талдап элдештирүүгө күчү жетет. Ката кетирсе кечирим сурагандан тартынбайт.

Ал дайыма жылмайып, маанайы ачык жүрөт

Акылман аялдын бирөөгө ичи тарыбайт, ички жана тышкы дүйнөсү бир калыпта болгондуктан дайыма маанайы ачык, позитивдүү абалда болууга аракет кылат.Чын жүрөгү менен сүйүп, чын жүрөгү менен жылмайып турат. Ушундай аялды кездештирип, ага үйлөнүү кандай бакыт!

 

Ссылка: https://barometr.kg/zhubajyna-tirek-bolo-turgan-ayal-sapattarga-ee-bolot



Добавить комментарий