Эркектерге жакпаган төшөк сырлары

9 ноябрь 2019 21:39 7437 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Эркектер аялдарга окшоп оюндагы баардык нерсени эле сыртка чыгара беришпейт. Андыктан, аларга төшөктө эмне жакпайт, эмне жагат билип алып, түгөйүңүзгө ошого жараша мамиле кылыңыз.

1. Төшөктөгү тажатмалуулук. Андыктан, эгер күйөөңүздүн сол жакка кетишин каалабасаңыз, интимдик жашооңузга жаңы ыкмаларды киргизиңиз.

2. Төшөк жаатындагы кош көңүлдүүлүк же болбосо калп эле төшөк оюнун каалабагандай түр көрсөткөн аялдар эркектердин кыжырын келтирет.

3. Айрым аялдар төшөктө таптакыр "иштебейт". Жатат да, күйөөсүнүн жагымдуулук тартуулашын күтөт. Эркектер муну жаман көрүшөт.

4. Дээрлик бардык аялдар эркектин өзүн өбүүсүн каалашат. Аялдар сыяктуу эркектер деле денесинин чоло жерин калтырбай аялынын өпкөнүн жакшы көрүшөт. Бул аларды акылынан адаштырат.

5. Айрым аялдар ушул убакка чейин төшөктө эркек негизги ролду ойнош керек деп эсептешет. Бул жаңылыш ой. Кээде аялдар деле демилгени колго алып коюуга болот.

6. Төшөк оюнунан соң дароо эле үйүн жыйнап же идишин жууп үй кожойкесинин ролуна кирип кеткен аялдар бар. Төшөк оюнунан кийин дароо уктап калууга да болбойт. Эркектерге жакпаган нерселердин дагы бири - ушул.

7. Аялдардын көп сүйлөгөнү баарына белгилүү, бирок, төшөк оюну учурунда көп сүйлөөнү эркектер жек көрүшөт.

8. "Светти өчүр, анткени, мен толукмун" деген сыяктуу аялдар өздөрүнүн кемчилигин жарыялай бергени - эркектердин кыжырын келтирет.

Ссылка: https://barometr.kg/tshkt-erkekterge-zhakpagan-nerseler-ajrym-ayaldar-tshkt-erkek-negizgi-roldu-ojnosh-kerek-dep-esepteshet



Добавить комментарий