Зордукталган кыздын кийиминин сүрөтү соцтармакка жарыяланып талкуу жаратууда

16 июль 2019 18:13 30697 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Казакстандын Алмата шаарында зордукталган кыздын кийиминин сүрөтү социалдык желеге жарыялангандан кийин кызуу талкууга түштү. Кыздын булганган кийиминин сүрөтүн «НеМолчи» укук коргоо уюмунун жетекчиси Дина Смаилова Facebookтагы баракчасына жарыялаган. Ал мындай ишке кыздын зордукталганын далилдеш үчүн барганын жазды. Анткени полиция кызматкерлери “өзү күнөөлүү” деген таризде ишти жакшы карабай коюшкан. Эми укук коргоочу прокуратурадан ишти жакшы карап береби деп үмүт кылууда.

Ошондой эле ал 18 жаштагы кызды кандайча зордукташканы тууралуу маалыматты дагы өзүнүн баракчасына жарыялады.

18 жаштагы кызды курбу кызы кечки отурушка чакырган. Адегенде макул болбой анан курбусун кыйбай конокко барган. Алмата калаасынын чет жакасындагы айылдардын биринен келген кыз ичимдик ичип кызып калган маалда ошол жердеги жигиттердин бири аны кетиргиси келбей, эшикти кулпулап таштаган.

Кызга эмне оюу бар экенин ачык айткан зордукчу ал макул болбогондо курбуларынын көзүнчө уруп сабаган, андан кийин аны кармап алып 40 мүнөт бою зордуктаган. Курбулары жардам бербей качып кетишкен.

Учурда иш Алмата калаасынын прокуратурасында каралууда.

 

Ссылка: https://barometr.kg/zordolgon-kyzdyn-kijiminin-srt-soctarmakka-zharyyalanyp-talkuu-zharatuuda



Добавить комментарий