Жыныстык жетилүү деген эмне?

13 июнь 2019 14:28 3708 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Жөнөкөй сөз менен айтканда, жыныстык жетилүү — чоң адамдардын «дүйнөсүнө» алып баруучу чыйырга түшүү. Ал маалда дене боюңда өзгөрүүлөр болот жана маанайың да бат-баттан өзгөрүп турат. Денеңде гормондор алмашат жана ата же эне болууга даярдаган өзгөрүүлөр болот.

Албетте, бул сенин ата же эне болууга даяр болуп калганыңды билдирбейт. Жыныстык жетилүү — балалыгың менен коштошуп жатканыңдын белгиси. Бул бүйүрдү кызытарлык, ошол эле учурда кайгылуу да болушу мүмкүн.

Жыныстык жетилүүң сени менен тең балдар-кыздарга караганда кечирээк же эртерээк башталса, чочулаба. Жыныстык жетилүүнүн өзүнүн биологиялык сааты бар жана сен ага таасир эте албайсың

Денедеги өзгөрүүлөр

Балким, боюң тез өсүп кетиши мүмкүн. Бирок дене мүчөлөрүңдүн баары бир учурда өспөшү ыктымал. Андыктан олдоксон болуп жатсаң, эч тынчсызданба. Убакыттын өтүшү менен баары калыбына келет.

Жыныстык жетилүү учурунда эмнелер өзгөрөт?

Балдардыкы:

Физикалык денедеги тиешелүү органдар чоңоёт

Айрым жерлерге түк өсөт

Үн өзгөрөт

Жыныстык органдар өзүнөн-өзү дүүлүгөт жана түнкүсүн урук чыгаруу пайда болот

Кыздардыкы:

Төш чоңоёт

Колтукка, жыныстык органдардын тегерегине түк өсөт

Айыз келе баштайт

Балдардыкы да, кыздардыкы да:

Денеден тер менен бактериянын аралашкан жыты чыгат.

Кеңеш: Жаман жыт чыкпаш үчүн тез-тез жуунуп тур, дезодорант жана тердөөгө каршы башка каражаттарды колдон.

Май бездеринде пайда болгон бактериялардан улам безетки чыгат.

Кеңеш: Безеткинин чыгышын токтотуу мүмкүн болбосо да, бетти бат-баттан жууп, тери тазалоочу каражаттарды колдонуу жардам берет

Ссылка: https://barometr.kg/zhynystyk-zhetil-degen-emne



Добавить комментарий