Жыныстык катнашка көп баруу аялдын ден-соолугуна зыянбы?

7 февраль 2019 12:36 12176 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Жыныстык катынаштын ден-соолукка пайдасы тууралуу көп айтылат эмеспи. Бирок анын зыяны да барбы? деген суроо туулат.

«Табияттын жаратылышы», «организм үчүн өтө керек», «туруктуу катнашта болуш керек» деген сыяктуу көптөгөн пайдасы бар жыныстык катнаштын да зыяны болот экен. Өзгөчө аялдарга...

«Кайсы учурда?» деген суроо туулат. Өтө көп жолу катнашка барган кезде... Эмнеге? Анын кандай коркунучу бар? Бул аялдардын организминин өзгөчөлүгүнө байланыштуу. Аялдардын жыныстык мүчөсү жаракат алып калууга жакын келет. Жыныстык катнаш бат-баттан болгон кезде булчуң эт менен жыныстык мүчөнүн ичине, былжыр кабыкча жабыркап, күчөп кетүүсү мүмкүн. Дагы бир кооптуу жагы – сезгенүүгө алып барган мүчөнүн алдыңкы четтериндеги теринин айрылып кетиши. Сейрек болсо да мындай учурлар кездешет. Бул учурда дарыгердин жардамысыз абал кыйындайт. Жүрөк оорусу бар аялдар үчүн да жыныстык катнашка көп баруу жана өтө активдүү болушу кооптуу. Жашоонун «бир кызыгынан» таптакыр баш тартууга да болбойт. Дарыгер менен кеңешип, жүрөккө көнүгүү жасап туруш керек.

Ал эми соо адам үчүн төшөк катнашынын өзү – жүрөккө машугуу болуп саналат. Ар бир аялдын өзүнүн «дозасы» бар.

Жыныстык катнашка көп баруу адамдын күч-кубатын да көп талап кылаарын эстен чыгарбоо керек. Демек, кубат ашыгы менен жумшаган аялдын чарчап калуусу мыйзамдуу көрүнүш. Чарчап турган аял эч нерсени жактырбай, кээде алы кетип калышы мүмкүн.

Ошого байланыштуу көк чай менен минералдуу суу, табигый ширелер күч-кубатты калыбына келтирүүгө жардам берет. Бирок ашыкча кетпеңиз.

«Жыныстык катнашка көп баруу» дегенди ар бир никедеги жубайлар өздөрү аныкташат. Тактап айтканда ар бир жуптун өздүк өлчөмү бар. Ошол сыяктуу, ар бир аялдын өзүнө ылайык «дозасы» бар. Бир аялды жумасына бир жолу алган оргазм канааттандырса, башкасында ал эки жолу болушу мүмкүн. Андан да көп жолу катнашка барса да чарчабаган аялдар да бар. Жыныстык катнаш – баттан же анда-санда, ылдам же узак болушу мүмкүн. Башкысы андан аял да, эркек да кумар алса болду.


Ссылка: https://barometr.kg/zhynystyk-katnashka-kp-baruu-ayaldyn-den-sooluguna-zyyanby



Добавить комментарий