Жыл жаңыргандан кийин 7 күн эс алуу сунушталууда

5 декабрь 2018 11:39 1069 Атыргуль Мухамматкулова
Бөлүшүү:
ok

Кыргызстандыктар жаңы жыл жана май айдагы майрамдарды майрамдоого байланыштуу 7 күн эс алышы мүмкүн.

Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинен кабарлашкандай, 2019-жылы 1нен 7-ноябрга чейин жана 9нан 12-майга чейин эс алуу сунушталууда.

Майрамдык жана эс алуу күндөрдү сарамжалдуу колдонуу максатында, ошондой эле жарандардан келип түшкөн көп кайрылуулардын негизинде КР соцөнүктүрүү министрлиги 2018-жылдын 28-февралында кол коюлган өкмөттүн №117 “Эс алуу кундөрүн жылдыруу” тотомун кайра карап чыккан.

Бекитилген токтомго ылайык, 2018-жылдын 30-31-декабрь күндөрү жана 2019-жылдын 1жана 2-январь күндөрү майрамдык эс алуу күндөрү болуп саналат.

"2019-жылдагы эс алуу күндөрүн өзгөртүү боюнча" деп аталган министрликтин токтомунда 1, 2, 3, 4, 5, 6 жана 7-январда, ошондой эле 9, 10, 11 жана 12-майда эс алуу сунушталган.

25-февраль эс алуу күнү (анткени 23-февраль эс алуу күнгө туш болгондугу үчүн иш эмес күн болуп эсептелет) 2-январдагы иш күнүнө жылдырылат;

8-апрель эс алуу күнү (анткени 7-апрель эс алуу күнгө туш болгондугу үчүн иш эмес күн болуп эсептелет) 3-январдагы иш күнүнө жылдырылат;

2-сентябрь эс алуу күнү (анткени 31-август эс алуу күнгө туш болгондугу үчүн иш эмес күн болуп эсептелет) 4-январдагы иш күнүнө жылдырылат;

6-май эс алуу күнү (анткени 5-май эс алуу күнгө туш болгондугу үчүн иш эмес күн болуп эсептелет) 10-майдагы иш күнүнө жылдырылат;

Бул токтомдун долбоору КР өкмөтүнүн расмий сайтында коомдук талкуулоо үчүн жарыяланган.

Талаптарды жана сунуштарды Бишкек шаары, Тыныстанов көч. 215 дарегине же mintrud2016@mail.ru электрондук дарекке жөнөтсө болот.

Ссылка: https://barometr.kg/zhyl-zhayrgandan-kijin-7-kn-es-aluu-sunushtaluuda



Добавить комментарий