Жыйырма жаштан өткөндөн кийин сүйүү тууралуу ойлоруңуз кантип өзгөрөт?
Жыйырма жаштан өткөндөн кийин улан-кыздардын жашоосунда чоң бурулуш болуп, алардын айрым балалык иллюзиялары талкаланат.20 жаштан өткөн муундардын эң көп таралган сүйүү тууралуу ойлору менен бөлүшөбүз.
Чыныгы сүйүү өмүрдө бир эле ирет болот
20 жашка чейинки улан-кыздар жашоодо сүйүү өмүрдө бир эле ирет келет деп ойлошот. Экинчи ирет алар кайра башка бирөөнү сүйүүнү элестете да албайт. Бирок 20 жаштан кийин алар бул иллюзияларынан акырындык менен кутула баштайт.
Мамилелер баарынан жогору турат
Мектепте жигити жок жүргөн кыздар өздөрүндө бир кемчилик бардай сезишет. Аларды мамилелер абдан толкундантат. Ал эми чыныгы мамилелер 20 жаштан өткөндөн кийин калыптана турганы тууралуу кийин гана ойлоно башташат.
Чыныгы сүйүү кинодогудай болуш керек
Кино индустрияcы адамдардын эмоционалдык сезимдерин кармап турууга багытталган, бул жерде сүйүү аягы бүтпөгөн драмалар менен коштолот. 20 жаштан өткөндөн кийин кыздар да, жигиттер да сүйүүнүн эң жакшысы бул бактылуу болуу экенин акырындап түшүнө башташат.
Сүйгөн болсо турмушка чыгыш керек
20 жаштагы кыздар жигитин жакшы көрсө милдеттүү түрдө ага турмушка чыгып университетти бүткөнчө төрөп, балалуу болуш керек, баарына үлгүрүш керек деп эсептешет. Андай эмес экенин бул курактан өткөндөн кийин түшүнө башташат.
Сүйүү менен баарын жеңебиз
Жаштар болгону сүйгөн адамы менен болсо бактылуу болчудай сезет. Ал эми турмуш өзүнүн реалдуулугун көрсөткөн кезде мисалы батир жалдап туруу, акча жок, жумуш жок ачка калган учурлар аларда сүйүү менен курсак тойбойт экен деген көңүл калууну алып келет.
Ссылка: https://barometr.kg/zhyjyrma-zhashtan-tkndn-kijin-sj-tuuraluu-ojloruuz-kantip-zgrt
Добавить комментарий ×