Журналисттер Раим Матраимовдон мүлкүн ачыкка чыгарууну суранышты

11 май 2019 15:31 1291 Barometr
Бөлүшүү:
ok

 

Бир катар ЖМКлардын журналисттери экс-президент Алмазбек Атамбаевдин жан сакчысы Дамир Мусакеевдин жолун жолдоп мүлкүн ачык көрсөтүүнү айтып, Мамлекеттик бажы кызматынын мурдагы жетекчиси Раим Матраимовго кайрылышты.

Белгилүү болгондой, кечээ, 10-майда, УКМКнын 9-кызматынын экс-жетекчиси Дамир Мусакеев ЖМКларга өзү жана жакындары учурда ээлик кылып турган үйлөрүн, жер тилкелерин көрсөткөн. Журналисттер Новопавловка айылындагы (Тынчтык жаңы конушу) жана Маевка айылындагы (Биримдик жаңы конушу) курулуп бүтө элек үйлөрдү көрүштү, андан тышкары Ак-Ордо жаңы конушунда дагы жер тилкелери бар. Андан соң журналисттер мамлекет тарабынан берилген Бишкек шаарындагы батир менен таанышышты. Мусакеевдин айтуусунда үч жер тилкеси атасына катталган, ал эми батир болсо мамлекеттин балансында турат. 

Эскерте кетсек Башкы прокуратура Мусакеевге карата мыйзамсыз баюу тууралуу кылмыш иши козголгондугун билдирген. Анда Мусакеевдин мүлкү 20 млн.сомго бааланган болчу.

Ссылка: https://barometr.kg/zhurnalistter-raim-matraimovdon-mlkn-achykka-chygaruunu-suranyshty



Добавить комментарий