Жумгалда мыкаачылык менен өлтүрүлгөн аялдын кайнежеси: "Кылмышкерге өлүм жазасын беришсе же эл таш баранга алса экен"

4 январь 2019 21:02 3045 Атыргуль Мухамматкулова
Бөлүшүү:
ok

Жумгал районунун Көк-Ой айылында 2018-жылдын 21-декабрында 47 жаштагы аял 2 (4 жаштагы кыз жана 7 жаштагы уул) небереси менен көз жумгандыгы тууралуу маалымат тараган. Алгач эки жаш баланы чоң энеси өлтүргөн деген маалымат тарап андай кийин ошол эле айылдын 29 жаштагы тургуну алгач зордуктап андай кийин өрттөп жибергендигин мойнуна алган.

Бул кылмыш иши боюнча ар ким ар кандай божомолдорун, пикирлерин айтып, жүрөк үшүн алган бул окуяга таң калгандарын жашыра албай келишет.

Barometr.kg сайтына маркумдун кайнежеси Р. Курманбекова "зөөкүргө өлүм жазасы берилсе же болбосо эл ташбаранга алса дейт элек" деген муңун айтты:

"Биз окуяны угуп алып абдан таң калып олтурабыз. Мындай болот деп эч ким күткөн эмес. Мен өзүм азыркы учурда Жумгал районунун Кызарт айылында үй-бүлөм менен турам. Көк-Ойдогуларды турмушка чыккандан бери көп тааныбай калдым. Кылмышкер жигитти да жеке тааныбайм, бирок азыр арадан бир ай убакыт өтүп калса да сай сөөгүбүз сыздап турабыз. Жок дегенде жазыксыз, күнөөсүз наристелерди аяп койсо эмне?! Биз азыр зөөкүрдүн өз жазасын алуусун суранып жатабыз. Зөөкүргө өлүм жазасы берилсе же болбосо эл ташбаранга алса дейт элек." -деп көз жашын төгүп айтып берди.

Эске салсак, бул факты боюнча ыкчам-иликтөө иштеринин натыйжасында кылмышка шектүү катары Жумгал районунун Көк-Ой айылынын 29 жаштагы тургуну Ш.К., кармалып, тергөө иликтөө иш чараларынын жүрүшүндө күнөөсүн толугу менен мойнуна алып аялды да эки небересин да өлтүргөндүгү тууралуу айтып берген.

Ссылка: https://barometr.kg/zhumgalda-kishi-kolduu-bolup-kaza-bolgon-ayal-menen-naristelerdin-kajnezhesi-kylmyshkerge-lm-zhazasyn-berishse-zhe-el-tash-baranga-alsa-eken



Добавить комментарий