Жумгалда ичин тигип сууга ыргытып жиберген бала тууралуу маалымат жалган
Социалдык тармактарда "Жумгал районунун Кайырма айылында жоголгон бала, органдарын алып ичин тигип сууга ыргытып жиберишиптир», - деген чындыкка дал келбеген маалыматтар чыгууда. Бул тууралуу Өзгөчо кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.
“Видеодогу-сүрөттөгү көрүнүш - 2019-жылы 19-апрелде саат 17:30дөр чамасында Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районундагы Акман айылынын Жаңы-Акман айылынын тургуну 2014-жылу туулган И.Э. дайынсыз болуп, бөбөктүн жансыз денеси 26-апрели күнү табылган учуру. Мындай чындыкка дал келбеген маалымат таркатуу мыйзамга дал келбестигин эскертебиз”,-деп айтылат ӨКМ тараткан маалыматта.
Ссылка: https://barometr.kg/zhumgalda-ichin-tigip-suuga-yrgytyp-zhibergen-bala-tuuraluu-maalymat-zhalgan
Добавить комментарий ×