Жубайларда төшөк мамилесинен дагы жогору болгон нерселер эмне?

2 август 2019 14:10 9269 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Биргелешкен жашоо-жуптар үчүн олуттуу сыноо.Секс-жубайлардын мамилесиндеги маанилүү бөлүк, бирок ал дайыма эле башкы орунда боло бербейт.Бекем жана узак убакытка мамиле куруш үчүн түндү бир өткөрүү эмес андан дагы маанилүү жагдайлар керек болот. Үй-бүлө курууда эмнелер мааниге ээ болууга тийиш. 

Barometr.kg сайты ушул тууралуу сөз кылмакчы.

Жашоодо жалпы кызыкчылыктын болушу

Сиздердин төшөк мамилеңиздер сонун дейли, бирок экөөңөрдүн жашоого карата көз карашыңар эки башка болсо бул үй-бүлө бактылуу боло албайт.Таптакыр эле бир максатта болуп калыш маанилүү эмес бирок үйлөнүп жаткан маалда жашоодогу болокчок көз караштар жок дегенде бирдей болгону алда канча жакшы.

Өз ара түшүнүшүү

Бири-бириңиздерге тынчсызданган, кубанган же кайгырган учурда кайрылып айтып береип тең бөлүшөсүздөрбү? Эмоцияналдык байланыш төшөк менен гана чечилбей шеригиңиздин сезимдери тынчсыздануулары аркылуу дагы байланышта болууга тийиш. Бир адам өзү менен өзү боло берген жерде бекем үй-бүлө курулбайт.

Кандай гана жагдай болбосун колдоо

Үй-бүлө куруп жаткан ар бир адам кыйын учурда жубайынын кодоо күтөт, үйүңүз жакын адамыңыздын кеңешине шашылып келе турган жер болсо кандай жакшы. Ага дайыма колдоо кыларыңызды анын да билгени кандай сонун.

Бири-бириңерди кандай болсо ошондой кабыл алуу

Жашоодо, турмуш-тиричилик убагындагы абалдарды мисалы чачыңыз жуулбай жүргөнү, оору калган абалыңыз аны корутпашы керек. Жаман жакшы сапаттарды дагы кабыл алууга тийишсиз.

Маектешүүдөн ырахат алуу  

Бирге отуруп маектешип, чогуу фильм көрүп, музыка угуп, саякатка чыгып жүргөн жубайлардын сүйүүсү узак болору далилденген.

Ссылка: https://barometr.kg/zhubajlarda-tshk-mamilesinen-dagy-zhogoru-bolgon-nerseler-emne



Добавить комментарий