Жубайлар ортосунда бүлүк жараткан алты себеп

18 февраль 2019 13:08 28374 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Чыныгы жашоодогу махабат кинодогудай эмес. Анткени, ал бир гана романтикалуу кечтер менен чектелбейт. Бактылуу болуунун негизги сыры бул түгөйлөрдүн бири-бирин түшүнүп, сыйлап, урматтоосу. Анткени, ортодогу сыйды жокко чыгарып коюу заматта. Биз сиздерге түгөйлөрдүн ортосуна бүлүк жарата турган себептерди сунуш кылабыз.

1.Унчукпай койгон адат

Эч ким  сиздин оюңузда эмне бар экенин окуй албайт. Ошондуктан сизге эмне жагып, жакпастыгын жубайыңызга билдирип турганыңыз оң. Ички жан дүйнөңүздөгү эмоциялар менен бөлүшүп туруңуз.

2.Кызганчаактык

Кай бири кызганыч-бул сүйүп, жакшы көргөндүктүн белгиси деп келсе. Экинчи тарап кызганыч-бул бири-бирин сыйлай албоо деген түшүнүктү колдонуп келет. Жубайлардын бири-бирин жөнү жок эле кызгана берүү туура эмес. Мындай абал экөөнүн ортосундагы мамилелердин бузулуусуна алып келет.

3.24 саат бою бирге болуу

Психологдордун айтымында: Адамдар моралдык жана физиологиялык жактан айрым учурда жалгыз болууну каалайт. Бул деген сөз жубайыңыз менен биротоло ширелишип калбаңыз дегенди билдирет. Анткени, бири-бирин көпкө чейин көрбөй, жолугуу ортодо ысык мамилени жаратат.

4.Жалган сүйлөө

Жалган сүйлөө-эң мыкты деген үй-бүлөнүн эки ажырым жолго түшүүсүнө себеп болот.

5.Махабатты баалабоо

Махабат-бул өзүнөн-өзү эле пайда болчу нерсе эмес. Ал-тагдырдын сыйы деп билиңиз. Жаныңыздагы адамга сизге болгон сезимдери үчүн, ага ыраазычылык билдирип туруңуз.

6.Үй-бүлөлүк жаңжал

Өз кызыкчылыгыңызды жубайыңыздан мурун койбоңуз. Чечилбей турган маселе жок. Бири-бирин түшүнүп, орток чечимге келүүгө ар дайым мүмкүнчүлүк бар.

Ссылка: https://barometr.kg/zhubajlar-ortosunda-blk-zharatkan-alty-sebep



Добавить комментарий