ЖРТга каттоо менен ЖОЖго тапшыруу этаптары кандай болот? Тизме

30 апрель 2020 12:47 1236 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Билим берүү министрлиги быйыл окуучулар үчүн 4-чейрек дистанттык түрдө аяктай турганын билдирди. Андан сырткары жалпы республикалык тестирлөөгө каттоо май айынын башында башталат.

Министрлик ЖРТ менен ЖОЖго тапшыруу этаптары кандай болорун жарыялады:

- каттоо 4-15-майда аяктайт;

- 21-июнда негизги тестти тапшыруунун 1-этабы өтөт;

- 22-июнда предметтик тестти тапшыруунун 1-этабы өтөт;

- 24-июнда негизги тестти тапшыруунун 2-этабы өтөт;

- 25-июнда предметтик тестти тапшыруунун 2-этабы өтөт;

- ЖРТ жыйынтыктарын жарыялап, таратуу 13-19-июлда жүрөт;

- 20-июлда ЖОЖго тапшыруунун биринчи туру өтөт;

- 27-июлда ЖОЖго тапшыруунун экинчи туру өтөт;

- 3-августта ЖОЖго тапшыруунун үчүнчү туру өтөт.

Адистештирилген орто окуу жайларына документтерди тапшыруу 1-июлда башталат.

Бардык иш-чараларды өткөрүү үчүн бөлмөлөр алдын ала дезинфекцияланып, абитуриенттердин ортосундагы аралык сакталат жана санитардык-эпидемиологиялык талаптар аткарылат.

Ссылка: https://barometr.kg/zhrtga-kattoo-menen-zhozhgo-tapshyruu-etaptary-kandaj-bolot-tizme



Добавить комментарий