Жоомарт Оторбаевдин апасы, профессор Мария Нанаева каза болду
Мурдагы премьер-министр Жоомарт Оторбаевдин апасы, профессор Мария Нанаева каза болду.
Кечээ, кыргыз медицинасынын көрүнүктүү өкүлү, медицина илиминин доктору, профессор Мария Нанаева 93 жаш курагында каза болду.
Белгилей кетсек, Мария Нанаева 1927-жылы Талас районуна караштуу Арал айылында төрөлгөн.
Анын негизги эмгектери бийик тоо шартында дарылардын жүрөк кан тамырларга тийгизген таасирин изилдөөгө арналган. 70тен ашык илимий эмгектин (анын ичинде 3 монография) автору. КРнын эмгек сиңирген врачы. «Ардак Белгиси» ордени менен сыйланган.
«Барометрдин» жалпы жааматы Мария Нанаеванын үй-бүлөсүнө терең кайгыруу менен көңүл айтат.
Ссылка: https://barometr.kg/zhoomart-otorbaevdin-apasy-professor-mariya-nanaeva-kaza-boldu
Добавить комментарий ×