Жомоктогудай жашоо! Кайрат Нуртастын жубайы менен бассейнде жуунганы күйөрмандарды капа кылды

18 январь 2019 15:39 14189 Атыргуль Мухамматкулова
Бөлүшүү:
ok

Бир гана Казакстанга гана эмес Орто Азияга белгилүү ырчы Кайрат Нуртас жубайы Жылдыз Абдукаримова менен Германияда кышкы эс алуусун өткөрүп жүрүп интернет баракчасынан бөлүшкөн видеолору анын катталуучуларынын ачуусуна тийди.

Кайрат Нуртас видеолорунда ысык сууда жубайы менен жуунуп жүргөнүн көрүүгө болот.

Дал ушул көрүнүш ырчынын күйөрмандарын экиге бөлүп эки тараптуу пикир жаратты.

Бирок катталуучулардын басымдуу бөлүгү “уят эмеспи минтип жүргөн”, “жомоктогудай жашоо”, “карапайым калкка мактанып жатасыңбы”, “мындан көрө бир жетимдин курсагын тойгузсаң ошол сооп болмок” деген өңдүү терс пикирлерди абдан көп калтырышты.

Ырчы жаман пикирлер менен маанайын түшүргүсү келбегенби айтор, кийинки сүрөттөрүндө пикир калтыруу бөлүмүн өчүрүп койду.

Ссылка: https://barometr.kg/zhomoktogudaj-zhashoo-kajrat-nurtastyn-zhubajy-menen-bassejnde-zhuungany-kjrmandardy-kapa-kyldy



Добавить комментарий