Жол тандабастар менен эс алган бүтүрүүчүлөр мектеп директорунун кызматтан кетишине себепкер болушту

23 май 2019 15:23 4924 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Билим берүү жана илим министрлигинин жаңы күчүнө кирген буйругуна ылайык, мектеп бүтүрүүчүлөрүнө өз ара акча чогултууга, бүтүрүү кечесин кафе-ресторандарда уюштурууга тыюу салынганы маалым. Бирок, мындай тыюуга карабастан 11-майда Ош шаарынын Жапалак кичи районундагы Курманжан датка мектебинин окуучулары жол тандабастар менен эс алууга чыгышып, аларды Ош шаардык жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлери кармашкан. Натыйжада автоунаалар Ош шаардык ЖКККБнын убактылуу унаа токтотуучу жайына киргизилген. Ал эми бүтүрүүчүлөргө түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, ата-энелерине өткөрүп беришкен.

Милиция кызматкерлери Курманжан датка орто мектебинин директорун жоопко тартуу боюнча Ош шаардык билим берүү бөлүмүнө кайрылышкан жана анын негизинде директордун жоопкерчилиги каралып, мектеп директору кызматынан кеткен.

Маалыматты Ош шаардык билим берүү бөлүмү тастыктады. Анда айтылгандай, Курманжан датка мектебинин директору Каныкей Эргешова 16-май күнү өзү жазган арыздын негизинде жумушунан кеткен.

.

Ссылка: https://barometr.kg/zhol-tandabastar-menen-es-algan-btrchlr-mektep-direktorunun-kyzmattan-ketishine-sebepker-bolushtu



Добавить комментарий