Жол сакчысын жол тандабас менен сүзүп кетейин деген айым экс депутаттын кызы беле?

1 июнь 2018 21:40 1766 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Кече түшкө маал Бишкек шаарынын Бөкөнбаев көчөсүнөн жол коопсуздук кызматынын инспекторун сүзүп кетмекчи болгон айым мурдагы Жогорку Кенештин депатуты Ташболот Балтабаевдин кызы болушу мүмкүн. Мындай билдирүүнү Kaktus.mediaга милиция өкүлдөрү билдиришкен. Эске салсак, кече 31-майда Lexus 570 автоунаасын башкарып бара жаткан айым жол сакчысынын буйругуна баш ийбей, тескерисинче унаасын сакчыны качыра айдаган. Кийин инспектордун протоколун колунан жулуп алып, бербей койгон. Тартип сакчыга баш ийбеген айым Ленин райондук ИИБ жеткирилип, ага карата КР КК“Бийлик өкүлүнө каршы күч колдонуу" беренеси боюнча кылмыш иши козголгон.

Ссылка: https://barometr.kg/zhol-sakchysyn-zhol-tandabas-menen-szp-ketejin-degen-ajym-eks-deputattyn-kyzy-bele



Добавить комментарий