Бишкек-Ош жолунда эки унаа кагышып 4 адам каза болуп,1 кыз жабыркады

19 август 2019 13:19 4953 Barometr
Бөлүшүү:
ok

2019-жылдын 18-август күнү болжолл менен 10:00 чамасында Бишкек-Ош унаа жолунун 174-чакырымында (Суусамыр өрөөнү) күйүүчү май ташыган оор жүк ташуучу, "Мазда" жана "Хонда Тарнео" үлгүлөрүндөгү 3 унаанын катышуусунда жол кырсыгы катталган. Бул тууралуу ӨКМги кабарлады.

Кырсыктын кесепетинен 4 адам (эркек:1980-ж.т. А.Ж., 1982-ж.т. А у.И., 2015-ж.т. А.У. аял: 1982-ж.т. А.Н.) каза болуп, 1 кыз (2011-ж.т. А.А.) жаракат алган.  

КР ӨКМнин КДМБнан 6 куткаруучу тартылып, каза болгон адамдарды унаадан чыгарышып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен.  Ал эми жабыркаган адамды тез жардам кызматкерлери ооруканага жеткиришкен.

Ссылка: https://barometr.kg/zhol-kyrsygynyn-kesepetinen-4-adam-kaza-bolup1-kyz-zhabyrkady



Добавить комментарий