Жаңы автобустар, каналдардын жээктерин көрктөндүрүү. Бишкекти өнүктүрүү долбоору иштелип чыкты

22 декабрь 2022 13:54 1370 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Бишкек шаарындагы каналдардын жээктери, парктар оңдолуп, көрктөндүрүлөт. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын маалыматына таянып “Барометр” билдирет.

Маалым болгондой, Бишкек шаарын өнүктүрүү жана инвестиция тартуу агенттиги шаардыктардын назарына калааны өнүктүрүүгө багытталган долбоорлорду сунуштады.

«Бишкек шаарында жогорку ылдамдыктагы автобустук каттамдарды киргизүү»;

- Айтматов- А.Масалиев  проспектилерин көрктөндүрүү;

- таштандыларды кайра иштетүүчү заводду куруу;

- «Ала-Арча жана Аламүдүн сууларынын жана Бишкек шаарынын жээктерин жакшыртуу»;

- Кара жыгач токой паркын жашылдандыруу;

- "Көп деңгээлдүү унаа токтотуучу жай".

Долбоорлор Бишкек шаарында жагымдуу бизнес чөйрөнү өнүктүрүүгө көмөктөшүү жана Бишкек шаарынын экономикасына инвестицияларды жана гранттарды тартуу үчүн шарттарды түзүү максатында иштелип чыккан”, -деп айтылат маалыматта.


Ссылка: https://barometr.kg/zhogorku-yldamdyktagy-avtobustar-kanaldardyn-zheekteri-krktndrlt-bishkekti-nktr-dolbooru-ishtelip-chykty



Добавить комментарий