Жогорку Кеңештин депутаты мугалимдин милдетин аткарды
Жогорку Кеӊештин “Республика – Ата-Журт” фракциясынын башчысы Жыргалбек Турускулов бүгүн, 5-октябрда Бишкек шаарындагы мектептердин бирине барып, мугалимдер жамааты менен жолугушту. Ал мургалимдерди Билим берүү кызматкерлеринин күнү менен куттуктап, алардын ишинде ийгиликтерди каалады. Ошону менен бирге, депутат мугалимдердин ордуна сабак өттү.
“Бүгүн мугалимдердин кесиптик майрамы экенине карабастан, алар күндөгүдөй эле иштеп жатышат. Ошондон улам, мен мугалимдердин ордуна сабак өтүп, аларды бир сабак болсо дагы эс алып алышына мүмкүнчүлүк берейин деген чечимге келдим”, - дейт депутат.
Ал сабакты жогорку класстын окуучуларына сабак өтүп, Чыӊыгыз Айтматовдун 90 жылдык маарекесине карата мугалимдерге залкар жазуучунун китептерин тапшырды.
Жыргалбек Турускулов окуучуларга Жогорку Кеӊештин тарыхый таржымалы, анын иши жана түзүмү менен курамы тууралуу баян кылды. Андан тышкары, окуучуларды кызыктырган суроолорго жооп берди.
Сабактын аягында айрым окуучулар Жогорку Кеӊештин депутатын алгачкы ирет көрүп жатышканын жашырышкан жок. “Депутатка чоӊ ыраазычылык билдиребиз. Анын мугалим катары сабак өткөнү биз үчүн өтө жагымдуу жаӊылык болду”, - дейт Темирлан аттуу окуучу.
Ссылка: https://barometr.kg/zhogorku-keeshtin-deputaty-mugalimdin-mildetin-atkardy
Добавить комментарий ×