Депутаттар жаңы чакырылыштагы эл өкүлдөрү кызматына киришкенге чейин эмгек акысын үзгүлтүксүз алышат

11 сентябрь 2020 14:15 646 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Жогорку Кеңештин депутаттары сентябрь айында эмгек акы алабы деген суроого жооп берилди. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынын башчысы Ибраим Нуракун уулунун маалыматына таянып "Барометр" билдирет.

" Урматтуу кесиптештер, эртеден бери Жогорку Кеңештин депутаттары сентябрь айында эмгек акы алабы деген суроолор берилип жатат. Кыскача жооп берип коюуну чечтик. Жогорку Кеңештин депутатынын статусу жөнүндө жана Регламенти жөнүндө мыйзамдарга ылайык ЖК депутаттары жаңы чакырылыштагы депутаттар ант берип, кызматына киришкенге чейин эмгек акысын үзгүлтүксүз алышат. Депутаттар жыйынга чогулбай эле маяна ала береби деген сөздөр да айтылууда. Жогорку Кеңештин депутаттары  шайлоо өнөктүгү учурунда парламенттин трибунасын өз партиясынын кызыкчылыгы үчүн колдонуудан карманып, бир ай бою региондордо эл менен жолугуу чечимин кабыл алган. Башкача айтканда, алар эл өкүлчүлүк милдетин толук аткарып жатышат. Эгер өнөктүк учурунда Жогорку Кеңештин кезексиз жыйынын өткөрүү муктаждыгы пайда болсо, ЖК депутаттары 24 сааттын ичинде чогулууга даяр. Айрым маалымат булактары Жогорку Кеңештин бир айлык бюджетин 120 депутатка бөлүп, эл өкүлдөрүнүн чыгымдары боюнча туура эмес маалыматтарды таратышууда. Депутаттардан сырткары парламентте аппараттын, иш башкармалыктын кызматкерлери да, эмгек кодексинде белгиленгендей маяналарын алышат. 

  Кошумчалай кетчү жагдай, Жогорку Кеңеш үстүбүздөгү жылы пандемияга байланыштуу чыгымдарын кескин кыскартууга барды. Сатып алуулар, ремонт иштери токтотулду. Андан тышкары, Жогорку Кеңештин депутаттары бир айлык эмгек акысын, айрым фракциялар эки, үч айлык эмгек акыларын пандемияга каршы күрөшүү фондуна которуп берген. 

  Жогорку Кеңештин баардык чыгымдары толугу менен мыйзамдарда белгиленген нормалар менен гана жүргүзүлөөрүн дагы бир жолу баса белгилегибиз келет. Рахмат!"

Ссылка: https://barometr.kg/zhogorku-keeshtin-chygymdary-myjzamdarda-belgilengen-normalar-menen-zhrgzlt



Добавить комментарий