Жогорку Кеңеште "Белизгейт" боюнча ишти талкуулоо уланууда, башкы прокуратура иликтөө уланарын айтты

19 сентябрь 2018 19:25 843 Элзат Нурманбетова
Бөлүшүү:
ok

Бүгүн Жогорку Кенеште "Белизгейт" боюнча маселе талкууланды.Жыйынга УКМКнын төрагасы Идрис Кадыркулов жана башкы прокурордун орун басары Нурлан Дүйшембиев, КТРКнын директору Илим Карыпбеков келди.
Анда Башкы прокуратура аталган маселе боюнча кайрадан териштирүү болорун билдирди. Эми бул боюнча кошумча териштирүү жүрүп, ишке жаңы юридикалык баа берилет. Башкача айтканда, кылмыш иш козгоонун зарылчылыгы барбы же жокпу деген маселе чечилет.

"Белизгейт" чыры боюнча бир топ депуттар сөз сүйлөштү. Депутат Жанар Акаев Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет жана прокуратура органдары “Белизгейт” окуясына жооптууларга карата кылмыш ишин козгошу керек, бул башкалар үчүн сабак болушу зарыл деп эсептеди. 

Ошол учурдагы УКМКнын төрагасы Сегизбаев жалпы парламентти, элди, мыйзамдуулукту жана саясий этиканы тепселеп, калпты айтып кеткендиги үчүн соттолушу керек деген пикирлер сунушталды. 

Эске салсак, 2016-жылдын 14-ноябрында УКМК айрым депутаттар 2012-жылы “Альфа Телекомдун” улутташтырылбаган 50% акциясын сатууга аракет кылгандыгы Белиз өлкөсүнөн келген документтерде көрсөтүлгөнүн айтып чыккан. Ал документтерге Өмүрбек Текебаев, Аида Салянова, Алмамбет Шыкмаматовдун аты-жөнү тиркелген деп айтылат. 

Кийин бул боюнча 2017-жылдын март айында Шыкмаматов, Салянова, Текебаев "жалган маалымат таратып беделибизге шек келтирди" деп сотко кайрылышкан. Алар Абдил Сегизбаев аталган маалыматты айтса, аны президенттин басма сөз кызматы тараткан деп анын ошол кездеги жетекчиси Алмаз Үсөновдун үстүнөн да сотко кайрылышкан. Алмамбет Шыкмаматов менен Аида Салянова моралдык чыгым катары эч кандай компенсацияны өндүрүп алууну каалашкан эмес. Бирок Өмүрбек Текебаев моралдык чыгым катары 60 миллион сомду өндүрүп берүүнү соттон өтүнгөн. Бирок соттун чечимдери саясатчылардын пайдасына чыккан эмес.

14-сентябрда "Ата Мекен" фракциясынын жыйынында УКМКнын Өздүк коопсуздук башкармалыгынын жетекчиси Бакытбек Мүсүралиев иликтөө учурунда Белиз өлкөсүнөн эч кандай документтер келген эмес деп билдирген.

Ал эми бул чырлуу ишти кароо ишин депуттар Жанар Акаев, Алмамбет Шыкмаматов жана каныбек Иманалиевдер киргизген. 

Ссылка: https://barometr.kg/zhogorku-keeshte-belizgejt-boyuncha-ishti-talkuuloo-ulanuuda-bashky-prokuratura-ilikt-ulanaryn-ajtty



Добавить комментарий