Жийиркеничтүү! Жеки Чандын никесиз төрөлгөн кызы "кыз" кишиге үйлөнүп, нике күбөлүгүн көрсөттү
Белгилүү актёр Жеки Чандын никесиз төрөлгөн кызы Канадалык модель кыз менен баш кошту. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Алардын үйлөнүү тою Канаданын торонто шаарында болуп, үлпөт-тойдон сүрөттөрдү, видеолорду жеке интернет баракчаларына жүктөшкөн.
Айта кетсек, Этта У Чжолинь туура эмес ориентацияда болгондуктан атасы ага жардам бербейт. Мындан бир жыл мурда сүйүктүүсү Энди Отэм менен көчөдө калгандыгы тууралуу айтып, элдерден жардам сураган. Бирок, көпчүлүктөн жардам болмок турсун, кайра катуу сынга кабылышкан. Эми мынтип, нике кагаздарынан бери көрсөтүп, коомчулукка жарыялоодо.
Ссылка: https://barometr.kg/zhijirkenicht-zheki-chandyn-nikesiz-trlgn-kyzy-kyz-kishige-jlnp-nike-kblgn-krstt
Добавить комментарий ×