Жигит сүйлөшкөн кызын өлтүрүп, сүрөтүн дароо Instagramга жүктөп журтту чочутту
Нью-Йорк штатында Instagram-блогер Бьянку Дэвинстин өлгөндөн кийинки сүрөтү интернет желесине тарап элди ызы-чуу кылды. Төбө чачты тик тургузган ишти жасаган жергиликтүү тургун Брэндон Кларк экени белгилүү болду. Бул тууралуу New York Post кабарлады.
Жаштар интернеттен бири-бирине кат жазып таанышкан жана эки ай мурда жолугуша башташкан. Ошол күнү да алар жолугуп кыз менен жигиттин ортосунда чатак чыгып, Брендон аны бычактап салган. Ошондон кийин Бьянканын денесин сүрөткө түшүрүп Discord, Snapchat жана Instagram тармактарына таратып жиберген. Сүрөткө “Бьянка кечир мени”,деп жазган. Бул шумдукту көргөн колдонуучулар полицияга кабар беришти.
Кылмыш жасагандан кийин ал баракчасына “Бул акыркы постум окшойт. Алар мени кармаганы келе жатышат. Мен абдан жаман иш жасадым”,-деп жазган.
Учурда ага карата сот башталды.
Ссылка: https://barometr.kg/zhigit-sjlshkn-kyzyn-ltrp-srtn-daroo-instagramga-zhktp-zhurttu-chochuttu
Добавить комментарий ×