Жерүй кенинин айланасындагы дарыялар таза жана балык өстүрүүгө жарактуу

16 май 2022 16:22 1416 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Биология институту Туз-Ашу (Талас дарыясынын бассейни) дарыясынын жана анын эки куймасы ― Чоң-Чычкан менен Жерүй сууларынын гидробиологиялык жана гидрохимиялык изилдөөсүнүн жыйынтыгын чыгарды. Бул тууралуу "Альянс Алтын" ишканасынын маалыматына таянып Барометр билдирет.

Изилдөөлөр ихтиология жана гидробиология лабораториясынын кызматкерлери тарабынан жүргүзүлдү. 

Анда дарыялардын суулары текшерүүгө алынып, жыйынтыгында аталган жерлерде кылкандуу балыктар түркүмү жана башка дагы гидробионттор жашай ала тургандыгы аныкталган.  

Суунун кандайдыр бир жолдор менен булгануусу катталган эмес. 

Натыйжада Жерүй кенинин айланасындагы дарыялардын бардыгы балык өстүрүүгө жарактуу деп табылды. 

Ошондой эле андагы кен казуу иштери Кыргыз Республикасынын жаратылышты коргоо мыйзамына шайкеш жүргүзүлүп, эл аралык стандарттарга жооп берет.

Ссылка: https://barometr.kg/zherj-keninin-ajlanasyndagy-daryyalar-taza-zhana-balyk-strg-zharaktuu



Добавить комментарий