Жерүй кени ишке кирер алдында ага бут тосуу түркөйлүк
Таластагы Жерүй кенин чалгындоого түзүлгөн комиссиянын мүчөсү Турдубек Мамбетов Россиянын “Восток-геолдобыча” компаниясын колдогонун жана азыр дагы колдой турганын айтат. Анын пикиринде Жерүй боюнча түзүлгөн конкурс ачык-айкын өтүп, атайын түзүлгөн өкмөттүк комиссия туура чечим кабыл алганын айтат.
Мамбетов мындай пикирин 9-мартта бул багытта өз алдынча иликтөө жүргүзүүнү максат кылып айрым активистер тарабынан уюштурулган комиссиянын отурумунда дагы ачык билдирди.
Ал көп эле комиссияларга катышканын белгилеп, Жерүй боюнча комиссия ачык айкын өткөнүн дагы бир ирет маалымдады.
“Бүгүн салынып бүтүп, эртең пайдаланууга берилет деп жатса мындай ызы-чуу кылуунун кереги жок деп эсептейм. Мен мындай пикирди эмгек сиңирген курулушчу, ардегер, мурдагы мамлекеттик кызматкер катары айтып жатам”, — деди ал.
Белгилей кетсек, коомдук комиссиянын отуруму шектенүүнү жаратат. Себеби, мыйзамдуу иш алып барган бир дагы комиссияга кирбеген активистпиз дегендерди Өнөр-жай, энергетика жана жер казынасын колдонуу боюнча мамлекеттик комитетинин коргоого алынган объектисине киргизүүсү тынчсыздандырат. Мамлекет инвесторлордун кызыкчылыгын коргоп, алардын ишине колдоо көрсөтүшү керек эле. Бирок өздөрүн активистпиз дегендерге мамлекеттик органдардын өкүлдөрү беш жыл мурда өткөн конкурс, курулушу аяктап калган алтынды бөлүп алуучу фабрика жана 25 көмөкчү имараттардын курулугу боюнча отчет берип жатышы осол иш.
Аталган кенде 800дөй киши эмгектенсе, алардын 90 пайызын жергиликтүү тургундар түзөт.
Буга чейин облус башчысы Марат Мураталиев Жерүй кенинин айланасында болуп жаткан окуялар тууралуу айтып, айрым активисттердин аракеттери боюнча пикирин айткан. Мураталиев бардыгы мыйзам талаасында чечилиши керектигин баса белгилеген болчу.
Андан мурдараак “Альянс-Алтын” компаниясынын коомчулук менен байланышуу бөлүмүнүн башчысы Данияр Жаныкулов Жерүй кенинин айланасындагы иштерди шайлоонун шайтан оюндарына аралыштырбоо керектигин билдирген.
Ал эми былтыр өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев Жерүй кениндеги курулуш иштери менен жеринен таанышып, бул компания Кыргызстанда 30-35 жыл иштей турганын айткан.
«Жерүй - эң ири долбоорлордун бири. Комбинат 30-35 жыл иштейт. Кен казып алуучу бул арада салык түрүндө 580 млн долларды бюджетке төлөйт, бул жерде кызматкерлердин айлыгы менен башка которууларды эске албаганда. Ишкана иштей баштагандан тартып 1,5 миң адам кенде иштеп, орточо айлык акысы 500 доллар болот. Жалпы кызматкерлердин 90 пайызын жергиликтүү тургундар түзөт. Бул абдан жакшы жаңылык, биз келип кенди иштетүүчүнүн маселелерин билели дегенбиз, бирок өзүңүздөр көрүп тургандай компания ишин эң сонун аткарып жатыптыр. Россия менен биз стратегиялык шериктештербиз, бизге россиялык инвесторлордун келип жатышы, эки эсе кубандырат”, - деген Абылгазиев.
Ссылка: https://barometr.kg/zherj-keni-ishke-kirer-aldynda-aga-tosuu-trkjlk
Добавить комментарий ×