Жерүй алтын кенин иштетүүчү - «Альянс Алтын» компаниясы бюджетке 4 млрд 519 млн сом которду

21 февраль 2022 14:04 1216 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Жерүй алтын кенин иштетүүчү - «Альянс Алтын» компаниясы республикалык жана жергиликтүү бюджеттерге - 4 млрд 519 млн 959 миң 133 сом каражат которду. Бул тууралуу компаниянын басма сөз кызматы кабарлады.

2022-жылдын 10-февралындагы маалымат боюнча «Альянс Алтын» республикалык жана жергиликтүү бюджетке 4 млрд 519 млн 959 миң 133  сом которгон. Анын ичинен алтынды сатуудан түшкөн акча 1 млрд 983 млн 519 миң 281 сом болду.

Талас областынын жергиликтүү маанидеги инфраструктурасын кармап турууга жана өнүктүрүүгө 254 млн 692 миң 44 сом которду.

«Альянс Алтын» компаниясынын бюджетке чегереген акчасы Кыргызстандын мыйзамдарынын талаптарына ылайык которулууда.

Төлөнгөн 254 млн 692 миң 44 сом төмөнкүдөй бөлүндү:

• 127 млн 346 миң 21 сом Талас областындагы Өнүгүү фондуна;

• 76 млн 407 миң 613 сом Талас районундагы Өнүгүү фондуна;

• 50 млн 938 миң 408 сом Бекмолдо айыл башкармалыгынын Өнүгүү фондуна.

Мыйзамга ылайык,  жергиликтүү маанидеги инфраструктураны өнүктүрүүгө жана кармап турууга компания тарабынан тапкан акчанын 2 пайыз көлөмү которулат. Аталган каражат үч фонддун ортосунда бөлүнөт: 50 пайызы областты өнүктүрүү фондуна, 30 пайызы районду өнүктүрүү фондуна, 20 пайызы кен табылган жер боюнча жергиликтүү бюджетке багытталат.

Жерүй кенинин төгүлгөн баардык төлөмдөр КРнын мыйзамдарына ылайык жөнгө салынууда. Каражаттарды бөлүштүрүү жана чыгашаларды көзөмөлдөө Кыргызстандын өкмөтүнүн деңгээлинде ишке ашырылууда. Жергиликтүү бийлик багытталган каражаттарды максаттуу пайдаланууну ишке ашырып жатат.

Жерүй кенинде өндүрүш башталгандан бери, ага чейин күтүлүп жаткандай, Талас областынын кирешелери эки эсеге жогорулады.

Мындан ары республикалык жана жергиликтүү бюджет жана фонддор Жерүй кенинин иштетүүдөн жыл сайын 4 млрд сом салык жана башка которууларды алып турушмакчы.

Эске салсак, «Альянс Алтын» компанисында бардыгы болуп 668 кызматкер иштейт, анын ичинде:

Бишкек шаарынан – 89 жумушчу (же жалпы санынын 13%).

Башка региондордон - 186 жумушчу (28 %).

Талас облусунан – 393 жумушчу (59%), анын ичинде Бекмолдоев айыл аймагы боюнча - 156 жумушчу (Талас облусунун жумушчуларынын жалпы санынын 29%).

Талас облусу боюнча бардыгы болуп 361 адам атайын курстарга окутулду, анын ичинде:

Бекмолдоев айыл аймагы - 120 адам (же окутулгандардын жалпы санынын 33%).

  • Талас району – 90 адам (25 %).
  • Манас району – 18 адам (5%).
  • Бакай-Ата району – 35 адам (10 %).
  • Кара-Буура району – 37 адам (10 %).
  • Талас ш. – 61 адам (17 %).

Ссылка: https://barometr.kg/zherj-altyn-kenin-ishtetch-alyans-altyn-kompaniyasy-byudzhetke-4-mlrd-519-mln-som-kotordu



Добавить комментарий