Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишинин ачык – айкындуулугун - мониторинг жана баалоо топтору камсыздайт

4 ноябрь 2019 18:50 1330 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Кыргызстанда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишмердүүлүгүнүн ачык айкындуулугун жана муниципалдык кызматтардын калкка көрсөткөн тейлөө кызматынын сапатын жогорулатууга багытталган долбоор өз ишин баштады.

“Шаардын социалдык – экономикалык өнүгүү программасын ишке ашырууга жарандардын катышуусу” долбоору “Сорос Кыргызстан” Фонду финансылык көмөк көрсөткөн “Борбордук Азиянын Евразия” фонду тарабынан ишке ашырылууда.

БМжБ тобу – элдик көзөмөл

Долбоордун максаты – ЖӨАБ органдарынын эсеп – кысабынын тактыгын  күчөтүү, чечимдерди кабыл алууда коомдук ой – пикирди эске алууну камсыздоо, коррупцияны алдын алуу жана жок кылууга көмөктөшүү. Аталган максаттар биргелешкен мониторинг жана баалоо тобунун иштерин уюштуруунун негизинде жүргүзүлөт. Долбоор эки пилоттук шаарларда – Караколдо жана Кара – Балтада ишке ашырылууда.  

Биргелешкен мониторинг жана баалоо тобу шаардык кеңештин депутаттарынан, мэриянын өкүлдөрүнөн, мамлекеттик уюмдардан, ЖМК, демилгечи топтордон, кварталдык комитеттерден, шаардын активдүү тургундарынан түзүлөт. Биринчи этапта Борбордук Азиянын Евразия фондунун эксперттери эки пилоттук шаардын ЖӨАБ өкүлдөрү жана жергиликтүү кеңештердин депутаттары менен бирге БМжБ тобун түзүү жана уюштуруу боюнча консультациялык кенештерди өткөрүшкөн.  

БМжБ тобу 18 жашка толгон так сандагы өкүлдөрдөн (5 тен 15 чейин) түзүлүшү керек. Топко өкүлдөрдү тандоо учурунда адамдын жынысы, расасы, тили, майыптыгы, этникалык тиешелүүлүгү, дини, жаш курагы, саясий жана башка көз карашы, билими, ата теги, мүлкү жана башка абалы боюнча кодулоого жол берилбейт. Топтун түзүлүшү боюнча буйрукту жергиликтүү кеңеш чыгарат. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары болсо БМжБ тобунун ишмердүүлүгү боюнча калкты маалымат менен камсыздап турууга милдеттүү.  

Топтун милдеттерине жергиликтүү жана республикалык бюджеттен, донордук уюмдардан же КР мыйзамдарына каршы келбеген булактардан каржыланып, ишке ашырылып жаткан программаларга жана шаарды өнүктүрүүгө багытталган пландарга мониторинг жана баалоо жүргүзүү кирет. Товарларды жеткирүү, кызматтарды көрсөтүү жана жумуштарды -  анын ичинде мамлекеттик сатып алууларды ишке ашырууда консультациялык жумуштарды аткаруу да БМжБ тобунун ишмердүүлүгү.

Демек, бардык муниципалдык ишканалар жана мекемелер, мэрия, тапшыруучулар жана консультанттар, коомдук уюмдар жана бирикмелер -(маселен, Суу колдонуучулар ассоцациясы, элеттик таза суу колдонуучулар бирикмеси) БМжБ тобунун көзөмөлдөө ишмердүүлүгүнүн объектиси болуп саналат.

БМжБ тобунун ишинин эң негизги жыйынтыгы – муниципалдык кызматтардын жана ӨАБ органдары көрсөткөн кызматтардын сапатын жакшыртуу. БМжБ тобунун отчетунун жыйынтыгы менен мониторинг объектилери рекомендацияларды жана аныкталган кемчиликтерди жоюу үчүн сунуштарды иштеп чыгышы керек. Муниципалдык кызматтар жана ЖӨАБ аткаруу органдары - жасалган иштери боюнча отчетту жергиликтүү кеңешке берет.

Пионер – шаарлар      

Пилоттук – Кара – Балта жана Каракол шаарларында Борбордук Азиянын Евразия фондунун эксперттери сентябрь айында жарандардын жергиликтүү башкарууга, анын ичинде жарандардын бюджеттик процесстерге, ЖӨАБ денгээлинде мониторинг системасына катышуусу боюнча маселелерди камтыган биринчи тренингди өткөрүштү.

Эки шаарда тең БМжБ тобун түзүү идеясын аткаруучу бийлик да, шаардык кеңештин депутаттары да активдүү колдошту. Жарандардын бюджеттик процесстерге жана мониторинг системасына катышуусу боюнча маселелерди камтыган Кара – Балтадагы тренинге мэриянын өкүлдөрү, мамлекеттик эмес уюмдар, ЖМК, шаардык кенештин депутаттары, үйлөрдүн кварталдык комитеттери жана шаардын активдүү тургундары катышты. Өткөн тренингдердин негизги максаты – ЖӨАБ органдарынын потенциалын, жергиликтүү жамааттардын мүчөлөрүнүн жергиликтүү өз алдынча башкарууда жана бюджеттик процесстерге катышуусун күчөтүү, мониторинг жана баалоо системасы, биргелешкен мониторинг жана баалоо топторун түзүү жана уюштуруу процедуралары менен тааныштыруу.

- Мага мониторинг идеясы аябай жакты. Себеби, ар бир подрядчик жасаган ишине жооп бериши керек. Эгерде биз долбоорлордун ишке ашырылышына көзөмөл кылсак, ар бир аткаруучу жоопкерчиликти сезет. Демек коррупция азаят – деп тренингден кийин жергиликтүү жамааттын мүчөсү Мухаббат Токтуева өзүнүн оюу менен бөлүштү.  

Дагы бир катышуучу Сыргак уулу Саламат тренер менен уюштуруучулардын кесипкөйлүгүн жогору баалады. Ал тренингден алган билиминин баарын эми иш жүзүндө колдоноорун белгиледи.  

Караколдо мүчөлөрдүн тандоосуна өтө чоң жоопкерчилик менен мамиле кылынган – деп жарандык катышуу боюнча “Борбордук Азиянын Евразия фондунун” КФ адиси белгиледи. БМжБ тобуна жаштардын да, этникалык азчылыктын да өкүлдөрү, пенсионерлер да кирди. Гендердик баланс да сакталганга аракет көрүлдү.

Караколдогу тренингдин катышуучуларынын бири, “БМжБ тобунун түзүлгөндүгү мыйзам чыгаруучу жана аткаруучу бийликке элдин пикирин угууга, алардын сунуштарын жана чечимдерин аткарууга көмөк көрсөтөөрүн белгиледи. Андан тышкары шаардын социалдык – экономикалык абалы жакшырат”. Тренингдин катышуучусу Галия Хурова, долбоорго болгон кызыгуусун – бийликтин ишмердүүлүгүн көзөмөлдөө теманын актуалдуулугу менен тушүндүрдү. Жаңы алган билимин ал БМжБ тобунун ишмердүүлүгүндө  сөзсүз колдоноорун кошумчалады.

Белгилеп кетчү жагдай, БМжБ тобун окутуудан тышкары шаардык социалдык – экономикалык программасын сапаттуу көзөмөлдөө жана баалоо, ошондой эле муниципалдык кызматтардын сапатын жогорулатуу үчүн эки пилоттук шаар тең керектүү техникалык база менен жабдылат.    

Мониторинг жана баалоо тобунун ишинин жыйынтыгы боюнча отчеттор даярдалат. Булар кара – Балта жана Караколдун мэрияларында, шаардык кеңештердин жыйындарында каралып, талкууланат. Биргелешкен мониторинг жана баалоонун негизинде даярдалган жыйынтыкталган отчеттор өз алдынча башкаруу органдарынын расмий сайттарына жана эл көрө алган атайын жайларда (такталарда, стенддерде) жарыяланып турат.



Ссылка: https://barometr.kg/zhergilikt-z-aldyncha-bashkaruu-organdarynyn-ishinin-achyk-ajkynduulugun-monitoring-zhana-baaloo-toptoru-kamsyzdajt



Добавить комментарий