Кемин районундагы кенди рейдерлик жол менен кытай компаниясы тартып алганы жатабы?

5 сентябрь 2019 13:38 2816 Жайнагул Такенова
Бөлүшүү:
ok

Кемин районунда жайгашкан кен казуучу жайды рейдерлик жол менен кытай компаниясы тартып алганы жатканын “ТИ Майнинг” компаниясынын жетекчиси Тимур Пазылов жана аталган компаниянын кызыкчылыгын коргогон өкүлдөр пресс-конференция уюштуруп кабарлашты.

Башта 5 жылдык мөөнөт менен бул компания кыргызстандык “ГеоРесурс” компаниясынан келишимдик түрдө лицензиясын сатып алган. Учурда жергиликтүү компания “Ти Майнинг” 300 адамды жумуш орундары менен камсыз кылат. Кен казуу объектиси пайда бергенге чейин эле өз чөнтөктөрүнөн аталган аймактын 400 чакырым жолун түздөтүп айыл ичиндеги жолдорду оңдотуп бергендигин. Ошондой эле ай сайын жакынкы айыл ѳкмѳттѳрүнѳ ай сайын 50000 акча каражатын жардам катары берип турганын айтышты.

 “Жумуш башталаары менен ушул компаниянын лицензиясын тартып алуу аракеттери башталган. Талашка түшкөн аймакты 2017- жылдан бери кытайлар көз артып келишет”- дейт ОсОО “Ти Майнинг” компаниясынын жетекчиси Тимур Пазылов.

Пазыловдун айтымында, талашып жаткан компания Израилдык. Ал 2008 –жылга чейин линцензия алган компания ээси болгон. Азыр ал кытай жарандары менен сүйлѳшүп алып саясий иштерди жүргүзүп жатканын айтты. Андан тышкары ал Израилдик компания официалдуу түрдѳ банкрот болгон. Бирок биздин ѳлкѳдѳ ѳкүлдѳрү калганы таң калтырууда деп кошумчалады.  Ошондой эле, президент Сооронбай Жээнбековго кайрылуу жасап, кол топтолгон катын тапшырды.

Ссылка: https://barometr.kg/zhergilikt-ken-kazuuchular-ishinin-solgundashyna-naarazy



Добавить комментарий