Желим баштыктарга тыюу салуу айлана-чөйрөнү тазарта алабы?

1 март 2019 17:06 1445 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Кыргызстанда желим баштыктарды, желим идиштерди пайдаланууга тыюу салуу зарыл. Мындай пикирди бүгүн айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарба Мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары Арсен Рысбеков айтты. Бул тууралуу ал Ысык-Көлдүн аймагына желим баштыктарды, желим идиштерди ташып келүүгө, пайдаланууга жана даярдап чыгарууга тыюу салуу боюнча өткөн коомдук угуу учурунда белгиледи.

«Биз мыйзам долбоорун демилгелеп жатабыз. Ага ылайык, 2021-жылдын 1-январынан тарта Баткен, Ош, Жалал-Абад областтарында полиэтилен баштыктарды жана желим идиштерди пайдаланууга этап-этабы менен чектөө киргизүү сунушталууда»- дейт ал

Рысбековдун белгилешинче, Кыргызстандагы таштандыларды инвентаризациялоонун соңку көрсөткүчү боюнча таштандылардын 26 пайызын пластикалык калдыктар, желим идиштер түзгөн.

Эске сала кетсек, Европа парламенти 2021-жылга чейин Евросоюздун аймагында бир жолку колдонулуучу желим баштыктарды пайдаланууга тыюу салууну өткөн жылдын октябрында колдогон болчу.  

Ссылка: https://barometr.kg/zhelim-bashtyktarga-tyyuu-saluu-ajlana-chjrn-tazarta-alaby



Добавить комментарий