Жээнбеков Түрк академиясынын Президенти Дархан Кыдырали менен жолугушту

9 октябрь 2019 17:13 855 Жайнагул Такенова
Бөлүшүү:
ok

Президент Сооронбай Жээнбеков Түрк академиясынын Президенти Дархан Кыдырали менен жолугушту. Жолугушууда Президент Сооронбай Жээнбеков Кыргыз Республикасында үстүбүздөгү жылдын ноябрында өтө турчу Жусуп Баласагындын Куттуу Билим эмгегинин 950 жылдыгына арналган эл аралык конференция жогорку деңгээлде өтөрүнө үмүтүн билдирди. Бул тууралуу ѳлкѳ башчынын маалымат катчысы билдирди.

Жолугушууга Түрк академиясынын өкүлү, профессор Кадыралы Конкобаев катышты.

 Анда билим берүү жана илимий изилдөөлөр чөйрөсүндө кызматташуу тууралуу пикир алмашуу болду.

Мамлекет башчысы 2018-жылы Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына арналган иш-чараларды өткөрүүдө жана «Манас» эпосун кеңири жайылтууда көрсөткөн көмөгү үчүн Түрк академиясына ыраазычылык билдирди.

Дархан Кыдырали Кыргызстан жана Казакстандын да элин бириктирген түрк тарыхы жана маданиятын мындан ары дагы жайылтуу максатында Кыргызстандын билим берүү жана илимий уюмдары менен кызматташууну кеңейтүүгө даяр экендигин билдирди.

Ссылка: https://barometr.kg/zheenbekov-zhusup-balasagyndyn-kuttuu-bilim-emgeginin-950-zhyldygyna-arnalgan-el-aralyk-konferenciya-zhogorku-degeelde-trn-mttnm



Добавить комментарий