Жээнбеков: Жаңы салынып жаткан оорукана коронавирустун экинчи толкунуна каршы күрөшүүдө чоң көмөк көрсөтөт

9 сентябрь 2020 15:03 1090 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Бүгүн, 9-сентябрда Президент Сооронбай Жээнбеков  Ош облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында, Ош шаарындагы жаңы жугуштуу оорулар ооруканасынын курулуш иштеринин жүрүшү менен таанышты. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматына шилтеме берип “Барометр” билдирет.

Архитектура, курулуш жана турак-жай коммуналдык чарба боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Урматбек Көкөчаров жаңы оорукана 100 койко-орундукка ылайыкташканын маалымдады.

Долбоорго ылайык, оорукана 3 бөлүмдөн турат: 28 керебеттүү жандандыруу бөлүмү жана жугуштуу ооруларды аныктоо жана дарылоо боюнча эки бөлүм.

Бүгүнкү күндө оорукананын эски имараты толугу менен бузулуп, бир катар иштер бүткөрүлгөн. Тез курулчу конструкциялардан куралган объектти ушул жылдын октябрь айында пайдаланууга берүү пландалган.

Президент Сооронбай Жээнбеков жумуштарды суук түшкөнгө чейин эртерээк бүтүрүү керектигин белгилеп, ошол эле учурда анын сапатын көзөмөлгө алууга көңүл бурду.

“0орукана коронавирус инфекциясынын мүмкүн болчу экинчи толкунуна каршы, ошондой эле күз-кыш мезгилинде күтүлүп жаткан башка жугуштуу оорулар менен күрөшүүдө чоң көмөк көрсөтөт”, -деди Жээнбеков.

Ал оорукананын аймагын карап чыгып, медицина кызматкерлери менен баарлашты. Алардын өлкө калкынын ден-соолугун сактоого кошкон баа жеткис салымын белгиледи.

Эске сала кетсек, Бишкек, Ош шаарларында жана Нарын облусунда бирден жаңы жугуштуу оорулар ооруканаларынын курулушу жүргүзүлүүдө. Курулуш иштери үстүбүздөгү жылдын июль айынын аягында башталган.

Ссылка: https://barometr.kg/zheenbekov-zhay-salynyp-zhatkan-oorukana-koronavirus-infekciyasynyn-ekinchi-tolkununa-karshy-krshd-cho-kmk-krstt



Добавить комментарий