Жээнбеков туугандарын санап, кайда иштейт айтып берди. Эч качан үй-бүлөлүк башкарууга жол бербейм дейт президент

19 декабрь 2018 11:56 2021 Элзат Нурманбетова
Бөлүшүү:
ok

Үй-бүлөлүк башкарууга жол бербейм деди президент Сооронбай Жээнбеков.

Мен айтып берейинчи туугандарым тууралуу. Мына биз 11 бир тууганбыз. Баарыбыз жогорку билимдүүбүз. Азыр сегизибиз калдык. Улуу агам илимдин доктору каза болуп калган. Кийинки эжем математик-физик, пенсияда. Кийинкиси Бишкекте доктур, ооруканада иштейт. Кийинкиси Жусупбек Шарипов сыртта жүрөт билесиңер. Кийинки агам өтүп кеткен. Карындашым дагы сыртта жүрөт. Кийинки карындашым чакан бизнеси бар. Кичүү иним айылда Ташкенттен бүткөн. Өзүнүн чарбасы менен айылда иштеп, жашайт. Ал эми кудам жөнүндө. Болгону бир кудам бар. Биз олтурганда балдар жөнүндө сөз болот. Мамлекет тууралуу сүйлөйшпөйбүз. Биз демократиялуу өлкөдө жашап жатабыз. Кысым болбош керек-деди президент.  

Мен турганда уй-бүлөлүк башкаруу, кландык башкаруу эч качан болбойт деп сөзүн бүтүрдү президент. 

Эске салсак, бүгүн Ала-Арча резиденциясында журналисттерге ачык жооп берип жатат.

Ссылка: https://barometr.kg/zheenbekov-tuugandaryn-sanap-kajda-ishtejt-ajtyp-berdi-ech-kachan-j-bllk-bashkaruuga-zhol-berbejm-dejt-prezident



Добавить комментарий