Жээнбеков: "Тажикстан менен чек арадагы жаңжалды тынчтык жолу менен чечебиз"
Бүгүн президент Сооронбай Жээнбеков “Биринчи радиого” берген маегинде кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжал тууралуу айтты.
Ал Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон менен ортодогу чек аралар тууралуу көп сүйлөшөөрүн билдирди.
“Тажикстандын президенти менен кайсы жерде жолукпайлы, ар дайым чек араларды делимитациялоо жана демаркациялоо тууралуу сүйлөшөбүз. Эки өлкөнүн чек араларында чечилбеген жаңжалдар, мамлекеттер көз карандысыздыгына ээ болгон күндөн тартып, көптөгөн жылдарга созулган өтө татаал маселе болууда. Көйгөйдү чечүүдө ар бир мамлекет өз кызыкчылыгын ойлоп жатат. Кыргызстан бул маселени бир тараптуу чече албайт. Көйгөйдү сүйлөшүүлөр менен гана чечсе болот", - деди Жээнбеков.
Президент чек арага жакын жайгашкан аймактардын жашоочуларынын социалдык көйгөйлөрүн чечүү үчүн бардык чаралар көрүлөрүн ишендирип өттү.
"Чек ара маселеси боюнча нааразычылыктар чек арага жакын аймактардын жашоочуларынын чечилбеген социалдык көйгөйлөрү ого бетер курчуду. Буга байланыштуу бул ишти биз контролго алдык. Социалдык маселелерди чечүү үчүн бардык чаралар көрүлүүдө, ошондой эле Баткен облусундагы социалдык обьектилердин курулушу жана инфраструктураларды жакшыртуу иштери жүргүзүлүүдө", - деп кошумчалады президент.
Эске салсак, Кыргызстандын мамлекеттик чек ара кызматынын коомчулук жана ЖМК менен байланыш бөлүмү 2020-жылдын 6-августунда кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара тилкесинде курал колдонуу менен окуя болгон.
Баткен облусуна караштуу Баткен районунун Эки-Таш аймагында Тажикстан тараптан кыргыз чек ара кызматкерине ок атылган. Болжол менен мергенчилик ок атуучу курал колдонулган. Анда чек ара кызматкери колунан өтмө жаракат алган. Убагында ага керектүү медициналык жардам көрсөтүлүп, учурда абалы канааттандырарлык деп бааланууда.
Добавить комментарий ×