Жээнбеков: «Сот» деген ардактуу наамга татыктуу эмес кызматкерлер аз эмес

11 март 2019 12:41 1674 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Бүгүн, 11-мартта Бишкекте өтүп жаткан судьялардын XI курултайына президент Сооронбай Жээнбеков катышууда. Бул тууралуу президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмүнөн кабарлашты.

Мамлекет башчысы курултайда жаңы укуктук мейкиндикте соттордун иштөө багыттары аныкталарын жана ага байланыштуу келечекте аткара турган милдеттерди, артыкчылыктуу багыттарды белгилди.

"Биринчи, бул албетте сот органдарында мыйзамдын үстөмдүүлүгүн камсыз кылуу жана коррупцияга каршы күрөшүү. Учурдагы сот системасында мурдагыдай эле сот катачылыктары, мыйзамдарды жана судьянын этикасын бузуу фактылары кездешүүдө. Мен силердин баарыӊарды жаман дегенден алысмын, бирок «бир карын майды бир кумалак чиритет» дегендей, силердин катарыңарда «сот» деген ардактуу наамды алып жүргөнгө татыктуу эмес кызматкерлер аз эмес. Аларга коомчулук, жарандар нааразы. Мыйзамдуулукту коргой турган бийлик бутагынын өкүлдөрү мыйзамсыз кадамдарга барып жатканы, албетте, өкүнүчтүү. Мисал катары, бүтүндөй сот системасынын аброюна көлөкө түшүргөн акыркы фактыларды айтсак болот.

Кээ бир судьялардын өз кызыкчылыктарын көздөп, кылмышкерлердин ишинин оордугуна көз жумуп, алардын жоопкерчилигин жеңилдетип, кылмыш аракеттерин бурмалаган учурлар кездешет. Айрым судьялар тарабынан чет өлкөлүк жарандардын кыймылсыз мүлк объектилерин тартып алууга багытталган чечимдер чыккан.Мындан сырткары, кээ бир судьялар тарабынан баңги заттарына байланышкан жазык иштерин кароодо мыйзамдын одоно бузулушуна жол берилген. Тактап айтсам, Ош облусунун айрым судьялары 14 килограмм «гашиш» баңги заты менен кармалган чет өлкөлүк кылмышкердин аракетин жеңилдетип, ага карата мунапыс берген. Кийин, прокуратуранын каршы сунушунун негизинде соттук инстанциялардын өкүмдөрү жокко чыгарылып, кылмыш иши жаңыдан каралууда",- деди Жээнбеков.

"Бүгүнкү күндө аталган жагдай боюнча судьяларга карата кылмыш иши козголуп, тергөө жүрүп жатат. Мындан сырткары, жакында эле ушундай кылмыш иштерин караган судьялыкка талапкерди Сотторду тандоо кеңешине кайра кайтардым. Ал өз убагында 27 килограмм героин жана 5 килограмм гашиш баңги заттары менен кармалып соттолгон адамдын кылмыш ишин бузуп, аны негизсиз кайра кароого райондук сотко жөнөтүп салган. Муну кандай түшүнсө болот? Баңгилик-бул бир гана Кыргызстан эмес, бүтүндөй дүйнө калкынын көйгөйү. Баңги зат менен байланышкан кылмыштар-булар оор кылмыштар. Улуттун саламаттыгына, келечегине чоң коркунуч жараткан кылмыштар. Ошондуктан, жогорудагыдай чечимди кабыл алган соттор-булар улут кызыкчылыгына каршы деп бааласак болот",- деди президент.

 

Ссылка: https://barometr.kg/zheenbekov-sot-degen-ardaktuu-naamga-tatyktuu-emes-kyzmatkerler-az-emes



Добавить комментарий