Жээнбеков пандемияга жана алдыдагы шайлоолорго байланыштуу кайрылуу жасады (Видео)

30 июнь 2020 16:43 1149 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Сооронбай Жээнбеков пандемияга жана алдыдагы шайлоолорго байланыштуу кыргызстандыктарга кайрылды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматына таянып "Барометр" билдирет.

“Тилекке каршы, өзгөчө абал алынгандан бери илдетти жугузгандардын саны көбөйүп жатат. Буга чейин жетишкен натыйжалар жокко чыгуу коркунучуна туш болду. Айрыкча, Бишкек шаарында ооруну жугузгандардын саны көбөйдү. Буга медициналык талаптардын сакталбаганы негизги себеп болууда. Бул илдеттин коркунучу олуттуу экенине көптөгөн жарандарыбыз дагы эле маани бербей жатат. Мен кайталап эскертейин – бул оорунун коркунучу азыр да сакталууда. Бирок чектөөлөр аркылуу тартипти камсыз кылууга мүмкүнчүлүктөр бар. Кайрадан карантин режимин киргизип, кырдаалды күч менен көзөмөлдөөгө азырынча барбайбыз”, - деди Жээнбеков.




Ссылка: https://barometr.kg/zheenbekov-pandemiyaga-zhana-aldydagy-shajloolorgo-bajlanyshtuu-kajryluu-zhasady-video



Добавить комментарий