Жээнбеков: Музейде аялдын жылаңач чыкканы аялдарды ачык эле кемсинтүү

25 декабрь 2019 13:55 17283 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Президент Сооронбай Жээнбеков феминалле көргөзмөсүндө жылаңач аялдын музейде чыгарылышын Кыргызстанда аялдарды кемсинтүү деп эсептеди.

Бул тууралуу өлкө башчысы Сооронбай Жээнбеков маалымат жыйында журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып айтты.

Өлкө башчысы ошондой эле бул көрүнүш диний ишенимге туура келбей турганын кошумчалап, көргөзмө "туура эмес уюштурулган" деген пикир айтты. Иш-чараны колдогон саясатчыларды сындады.

Туура эмес иш болду. Аял бул эне, өмүрлүк жар, эже-карындаш. Мен муну туура көрүнүш деген айрым саясатчылардын пикирлерин да окудум. “Кыргыздын салтында кийими жок аял байланган төөнү чечкен “төө чечмей” деген болгон деп айтып жатышат. Бул туура эмес. Бул ачык эле мазактоо, — деди мамлекет башчысы.

Ссылка: https://barometr.kg/zheenbekov-muzejde-ayaldyn-zhylaach-chykkany-ayaldardy-achyk-ele-kemsint



Добавить комментарий