Жээнбеков Индонезиянын президентине кырсыктан курман болгондорго байланыштуу көңүл айтты

1 октябрь 2018 09:45 744 Элзат Нурманбетова
Бөлүшүү:
ok

Кыргыз Республикасынын президенти Сооронбай Жээнбеков Индонезиянын Сулавеси аралындагы болгон жер титирөөдөн жана цунамиден каза болгондорго байланыштуу Индонезия Республикасынын президенти Джокко Видодого көңүл айтты. 

“Индонезия Республикасынын Сулавеси аралында болгон цунаминин кесепетинен көптөгөн адамдардын курмандыктарына жана кыйроолорго алып келген кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым. Каза болгондордун жакындарына жана туугандарына көңүл айтуу менен, бардык жабыр тарткандардын тез арада айыгып кетүүсүн каалайм”, – деп белгиленет Мамлекет башчынын көңүл айтуу телеграммасында.



Ссылка: https://barometr.kg/zheenbekov-indoneziyanyn-prezidentine-kyrsyktan-kurman-bolgondorgo-bajlanyshtuu-kl-ajtty



Добавить комментарий