Жээнбеков бийликти тынчтык жолу менен өткөрүп берген президент катары элдин эсинде калат

16 октябрь 2020 14:31 1693 Barometr
Бөлүшүү:
ok



Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбековдун бийликтен кетип жатканы тууралуу билдирүүсү айрымдар үчүн өкүнүчтүү жана аянычтуу болду. “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында өлкө башчы тынчтык жолу менен бийликти өткөрүп бергендиги тууралуу элге  расмий кайрылуу жолдоду.

Президентти залда олтурган депутаттар жана журналисттер кол чабуулар менен жылуу тозуп алышты.

Жыйында Жээнбеков сөз сүйлөп, аткарылбай калган ой-кыялдары жана пландары тууралуу бөлүштү.

Кыска убакыт ичинде эл үчүн бар күчүн жумшап, элибиздин бейкут жашоосуна болгон күчүн жумшаганын айтты.

Президент үчүн жана эл үчүн да акыркы он күн оор болду. Албетте, президент катары баардык жоокерчилик анын моюнунда тургандыктан, бүгүн өлкө башчынын абдан чарчап, кыйналып турганы жүзүнөн көрүнүп турду.

Ошол митинг башталган күнү эле элдин алдына чыгып, бүгүнкү айта турган сөзүн айтып, элди биримдикке чакырса болбойт беле деген ой кетет экен. Балким президентти түйшөлткөн жана аны артка тайсалданткан башка күчтөр болуп жүрбөсүн?

Кандай болгон күндө да бийликти тынчтык жолу менен өткөрүп берген президент катары тарыхта калары талашсыз.

Албетте Жээнбековдун бийлиги ушундай жол менен аяктап жатканы баарыбызды өкүндүрөт.

Ссылка: https://barometr.kg/zheenbekov-bijlikti-tynchtyk-zholu-menen-tkrp-bergen-prezident-katary-eldin-esinde-kalat



Добавить комментарий