Жээнбеков Коопсуздук кеңешинин чакан курамы менен жыйын өткөрүп жатат
Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 28-апрелде, Коопсуздук кеңешинин чакан курамда жыйынын өткөрүп жатат. Ага айрым мамлекеттик органдардын жетекчилери жана Бишкек шаарынын мэри катышууда . Бул тууралуу Президенттин Басма сөз кызматы билдирди.
Коопсуздук кеңешинин жыйынында өлкө аймагына коронавирус инфекциясын жайылтпоо жана мамлекетте социалдык-экономикалык активдүүлүктү жандандыруу боюнча мындан аркы чаралар каралууда.
Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Бороновдун, вице-премьер-министр Эркин Асрандиевдин, саламаттыкты сактоо министри Сабиржан Абдикаримовдун жана башка мамлекеттик органдардын жетекчилеринин коронавирус инфекциясынын жайылышына каршы күрөшүү, анын экономикага болгон кесепеттерин азайтуу жана өлкөдөгү экономикалык ишмердүүлүктү жандандыруу боюнча көрүлүп жаткан чаралар жөнүндө маалыматтары угулуп жатат.
Добавить комментарий ×