Жээнбеков Австриянын президенти Александр Ван Дер Белленди Австриянын улуттук күнү менен куттуктады

27 октябрь 2018 10:00 959 Элзат Нурманбетова
Бөлүшүү:
ok

Президент Сооронбай Жээнбеков Австриянын президенти Александр Ван Дер Белленди Австрия Республикасынын Улуттук күнү менен куттуктады. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматы билдирди. 

«Кыргыз элинин жана жеке өзүмдүн атымдан сизди Австрия республикасынын улуттук куну менен чын дилимден куттуктайм!

Ар түрдүү чөйрөлөрдө эки тараптуу кызматташуунун позитивдүү динамикасын, ЕККУ, БУУ жана башка кеп тараптуу түзүмдөрдүн алкагындагы өнөктөштүк өз ара аракеттердин жогорку натыйжалуулугун канааттануу менен белгилеп кетким келет.

Биргелешкен күч-аракет менен, биздин өлкөлөрдүн элдеринин жыргалчылыгы учун, биз эки тарапка тең пайдалуу кыргыз-австрия мамилелеринин бардык комплексин мындан ары да өнүктүрүүнү камсыз кылабыз деп ишенем.

Сизге бекем ден-соолук, бакубаттуулук жана жогорку мамлекеттик кызматыңызда мындан аркы ийгиликтерди каалайм, ал эми достук Австрия элине — тынчтык жана гүлдөп-өнүгүүнү каалайм!», — деп белгиленет мамлекет башчысынын куттуктоо телеграммасында.

Ссылка: https://barometr.kg/zheenbekov-avstriyanyn-prezidenti-aleksandr-van-der-bellendi-avstriyanyn-uluttuk-kn-menen-kuttuktady



Добавить комментарий