Жээнбеков «Ата-Бейит» мемориалдык комплексине барып Чыңгыз Айтматовдун бейитине гүл койду
Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 12-декабрда «Ата-Бейит» мемориалдык комплексине барып жазуучу Чыңгыз Айтматовдун бейитине гүл койду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.
Жазуучуну эскерүүгө Жогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабеков, премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев, жогорку соттун төрайымы Гульбара Калиева, Чыңгыз Айтматовдун туугандары, достору жана чыгармачылыгына таазим эткендер келишти.
Гүл койгондон кийин Куран окулду.
Андан соң Сооронбай Жээнбеков жана аны коштогондор 1937-1938-жылдардагы саясий репрессиянын курмандыктарынын эстелигине, 1916-жылдын курмандыктарынын монументине жана 2010-жылдагы Апрель элдик революциясынын курмандыктарынын мемориалына гүл коюп, Куран окутушту.
Добавить комментарий ×