Жээнбеков: Адамдардын кыйынчылыктарын бизнес жасоо үчүн пайдаланганды жана өзүм билемдикти токтоткула!

18 август 2018 01:20 1219 Barometr
Бөлүшүү:
ok

“Адамдардын кыйынчылыктарын бизнес жасоо үчүн пайдаланганды жана өзүм билемдикти токтоткула!”, - деди президент Сооронбай Жээнбеков 16-августта Ош облусуна жасаган иш сапарынын алкагында. Анда президент Ош облусунун жана Ош шаарынын укук коргоо органдарынын, күч түзүмдөрүнүн жана жергиликтүү мамлекеттик бийлик органдарынын жетекчилери менен кеңешме өткөрдү.

«Адамдын кызыкчылыктарына, анын өнүгүшүнө жана мүмкүнчүлүктөрүнө каршы келгендердин баарын жоюш керек. айрыкча сот системасында жана укук коргоо органдарында. Адамдардын кыйынчылыктарын бизнес жасоо үчүн пайдаланганды жана өзүм билемдикти токтоткула. Эл силерге ишенбей калды. Ал эми силердин туура эмес ишиңер, чечимиңер бийликке, Президентке элдин ишенимин кетирип жатат! Силердин деңгээлде чечиле турган көп арыздар мага келип жатат, анткени силер аларды чечпей жатасыңар», -деп баса белгиледи Президент.

Президент сот системасында, укук коргоо органдарында жана күч түзүмдөрүндө реформалардын жүрүшү тууралуу маалыматты укту, бул ведомстволордо реформаларга карата даярдыкты текшерди.

«Бул реформалар өлкөнүн тагдырын чечет. Биз базаны өркүндөтүүнүн үстүндө иштеп жатабыз, бирок аны турмушка сиздер ашырышыңыздар керек. Ошол эле учурда жарандардын бийликке ишенимин бекемдөө зарыл», -деди Сооронбай Жээнбеков.

Ссылка: https://barometr.kg/zheenbekov-adamdardyn-kyjynchylyktaryn-biznes-zhasoo-chn-pajdalangandy-zhana-zm-bilemdikti-toktotkula



Добавить комментарий