Жээнбеков 19 жаштагы Бурулайдын өлүмүнө себепкерлерди аёсуз жазага тартууну тапшырды

5 июнь 2018 00:10 1580 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Президент Жээнбеков 19 жаштагы Бурулайдын өлүмүнө себепкерлерди аёсуз жазага тартууну тапшырды.

Бүгүн мамлекет башчы менен премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазев жолугушуп, анын жүрүшүндө жакында эле Жайыл райондук ички иштер бөлүмүндөгү 19 жаштагы Бурулай Турдали кызынын өлүмүнө алып келген кайгылуу окуяга өзгөчө көңүл бурулду. “Милициянын чектен чыккан шалаакылыгынан, жоопкерсиздигинен жана өз ишин билбестиктен улам болгон бул окуяга коомчулуктун кыжырданып жатышын туура түшүнүү керек. Жаш кыздын бөөдө өлүмүнө жол берген күнөөлүүлөр баары катуу жазаланышы керек”, - деп белгиледи Сооронбай Жээнбеков. Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев бул окуя болгон эле күнү дароо жыйын өткөрүп, бул ишти өз көзөмөлүнө алганын маалымдады.

Эске салсак, 2018-жылдын 27-майында Жайыл райондук ички иштер бөлүмүндо 30 жаштагы Марс Бөдөшев үйлөнүү үчүн ала качып кеткен 19 жаштагы Бурулай Турдалиеваны бычактап салган. Андан соң ал өзүнүн денесин да бычактаган. Кыздын денесине жигит Н+Б деген жазууну калтырган. Бурулайды 30-майда жерге беришти. Кыздын жырткычтык менен өлтүрүлүшү чоң чуу жаратты. 1-июнда ИИМ жетекчиси бул ишти жеке көзөмөлүнө алды. Мекемеден билдиришкендей, бул окуяга жолтоо болбогон милиция кызматкерлери жумуштан алынат.

Ссылка: https://barometr.kg/zheenbekov-19-zhashtagy-burulajdyn-lmn-sebepkerlerdi-ayosuz-zhazaga-tartuunu-tapshyrdy



Добавить комментарий