Жазгы күндүн нуру бетке өтө кооптуу

24 май 2019 16:46 2035 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Кыштан тери кургап, түлөп, сезимтал, назик болуп чыгат. Бул мезгилде кышта колдонгон азыктандыруучу бет майды курамында С витамини бар нымдаштыруучу бет майга алмаштырып, күндөн коргоочу бет майдын SPF50 дегенин колдонуу керек. С витамини беттин өӊүн жакшыртып, агартып, теринин иммунитетин көтөрөт. Бул витамин бар бет майды койгондон кийин анын үстүнөн күн нурунан коргоочу кремди койбой туруп көчөгө чыгууга болбойт. Нымдаштыруучу маскаларды, жеӊил пилингдерди жасап туруу керек. Кечинде лимон менен аарчып турса да жакшы жыйынтык берет. Кышында теринин эпидермис бөлүгүнө чейин жете турган пилингдерди жасасак, жазында үстүнкү катмардагы өлгөн клеткаларды гана тазалап туруучу жеӊил пилингдерди жасайбыз. Пилингден кийин жумасына эки ирет маска кылып турса эӊ сонун таасир берет.

Беттеги тактар жазында өӊүнө чыгат

Жазында беттерге так түшүп кетет. Себеби теринин меланин деген структурасы бар. Ал кээ бир адамда жакшы иштесе, кээ биринде иштебейт. Меланин начар иштеген адамдардын териси анча күйбөйт. Жакшы иштегендердики күн нурун бат кабыл алат. Бет терилер Америка, Азия деген сыяктуу 6 топко бөлүнөт. Америка тибиндеги терилер сары, ак жуумал болгондуктан аларда меланин начар иштейт. Кызарып, бат эле таркап кетет. Ал эми Азия тибиндегилер кара тору, буудай ыраӊ болгондуктан алар күндү бат кабыл алышат да кечирээк агарат. Эгер ички организм начар болсо бетке так түшөт. Ал так кышында анча билинбей, жазында күн нурунан улам даана билинип калат. Алар кайсыл мезгил экенине карабай SPF фактору жогору болгон бет майды колдонуп жүрүүсү керек. Бетте тагы жок болсо тегиз, тунук болуп карайышат.

Жазында жасалуучу нымдаштыруучу маска:

Бир лимонду экиге бөлүп жарымынын суусун сыгып алабыз. Ага бир аш кашык бал, бир жумуртканын сарысын кошуп аралаштырат. Эгер тери кургак болсо бир аш кашык зайтун майын кошуп койсо болот. Жакшылап аралаштырып 20 мүнөт муздаткычка салып коебуз. Андан соӊ бетке тегиз сүйкөп 20-25 мүнөт жатыш керек да, кийин жылуу суу менен жууп салабыз. Бул масканы эркектер да, аялдар да колдонсо болот. 

Ссылка: https://barometr.kg/zhazgy-kndn-nuru-betke-t-kooptuu



Добавить комментарий