Жазгы аллергиядан кантип сактануу керек?

24 март 2023 09:41 3620 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Жазында күндүн нурлары мемиреп тийип турганда сейилдеп чыкканга эмне жетсин. Бирок сезондуу аллергиясы бар адамдар үчүн жаздын башталышы убараны пайда кылат. Жазгы аллергиядан кантип сактанууну жолдорун адистердин кеңештерине таянып "Барометр" сунуштайт.

Аллергия күтүүсүздөн башталат

Көпчүлүк адамдар кайсы бир куракка чейин аллергия болбосо андан кийин да аллергия болбойм деп ойлоп алышат.Бирок тигил же бул нерсеге, мисалы тамак-аштын кээ бир түрүнө же бак-дарактардын бүрүнө аллергия болуу кайсы гана куракта болбосун пайда болушу ыктымал.Статистика боюнча аллергия болгон оорулуулардын саны жыл санап жогорулап келет. Жазында жана жайында дарактар менен чөптөрдүн жытына аллергия болуу поллиноз деп аталат.

Поллиноздун белгилери кандай?

Поллиноз менен көп учурда апрелдин башынан сентябрдын соңуна чейин оорушат. Сезондуу аллергияны кантип билүүгө болот? Поллиноздун белгилери курч кармаган  респиратордук ооруларга окшоп кетет. Териде бүдүрлөр пайда болуп, кызарып, шишип, кычышат. Баш оору, көздөн жаш агуу менен да коштолот.

Эгерде аллергиянын реакциясы дем алуу органдарында болсо адам көп чүчкүрүп, мурундан суу агып, жөнөтүлүп, муунуп жаткандай абалда болушу да мүмкүн.Бул абал бир нече күндөн кийин өтүп кетпей созулат.

Ошондуктан жаз башталганда мындай белгилер байкалса сасык тумоолоп калдым деп жүрө бербестен дароо аллерголог-иммунологго кайрылып тиешелүү дарылануу курсунан өтүү кажет.

Ден соолугуңуз ар дайым чың болсун!

Ссылка: https://barometr.kg/zhazgy-allergiyadan-kantip-saktanuu-kerek



Добавить комментарий