Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын бир катар кызматкерлери батирлүү болушту
Бөлүшүү:
Бүгүн Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын бир катар кызматкерлери батирлүү болушту. Бул тууралуу жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын коомчулук менен иштөө бөлүмүнөн кабарлады.
Маалыматтка ылайык, кызматкерлерге Чүйдүн Сокулук районунун Жаңы-Жер айылында 24 батир берилди.
Турак үйлөрдүн ачкычтарын тапшыруу салтанатына Коопсуздук Кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаев катышты.
Кошумчалай кетүүчү жагдай, көп батирлүү бул турак жай өткөн жылдын 28-декабрында бүткөрүлгөн. Анда бир бөлмөлүү 12 батир бар. Ошондой эле 6 эки бөлмөлүү, 6 үч бөлмөлүү батирлер.
Курулушка 44 миллион сом сарпталганы маалыматта айтылат.
Добавить комментарий ×