Жаңы төрөлгөн ымыркайын таксиге унутуп кетишти

22 май 2019 09:00 5158 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Гамбургда ооруканадан чыгып келе жатканда ата-эне жаңы төрөлгөн баласын таксиге унутуп калган. Атасы дароо эстей калып, таксинин артынан чуркаган. Бирок айдоочу байкабай айдап кеткенин news.com сайты жазды.

Кийин ата-эне компаниянын өзүнө чалып байланыша алган эмес. Айдоочу да машинага бала унутулганын байкаган эмес. Ал түштөнүү учурунда унаасын жер астындагы гаражга токтоткон. Андан соң бир нече аралыкта жайгашкан аэропорттон кардар алууга кеткен.

Арткы отургучта уктап жаткан баланы биринчи болуп жүргүнчү көргөн. Айдоочу дароо полицияга чалган жана бала ата-энесине жеткирилген.

 

Ссылка: https://barometr.kg/zhay-trlgn-ymyrkajyn-taksige-unutup-ketishti



Добавить комментарий