Жаңы шайланган министрлер Жогорку Кеңеште ант беришти

31 январь 2019 11:44 1061 Элзат Нурманбетова
Бөлүшүү:
ok

Финансы министри Бактыгүл Жээнбаева менен транспорт жана жолдор министри Жанат Бейшенов бүгүн 31-январда Жогорку Кеңеште ант берди. 

Бүгүнкү парламенттик жыйынга президент Сооронбай Жээнбеков катышты.

Жанат Бейшенов премьер-министр Абылгазиев тарабынан көрсөтүлүп, парламенттен колдоо болгондон кийин 25-январда Транспорт министри болуп дайындалган. Ал эми Жээнбаева  2018-жылдын 13-декабрында кызматка келген. 





Ссылка: https://barometr.kg/zhay-shajlangan-ministrler-zhogorku-keeshte-ant-berishti



Добавить комментарий